Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги «INSPIRO group» (Кыргыз Республикасы), «АЗИЯ ЛЮКС TRAVЕL» (Өзбекстан Республикасы) туристтик компаниялары жана USAID менен биргеликте «Ыссык-Көл 2019» жана «Ташкент-Тамчы (Ыссык-Көл)-Ташкент» түз чартердик каттамын учуруу презентациясын өткөздү

3233

2019-2023-жылдарда туризм тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жүзөөгө ашыруу алкагында, 2019-жылдын 30-майында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги «INSPIRO group» (Кыргыз Республикасы), «АЗИЯ ЛЮКС TRAVЕL» (Өзбекстан Республикасы) туристтик компаниялары жана USAID менен биргеликте «Ыссык-Көл 2019» жана «Ташкент-Тамчы (Ыссык-Көл)-Ташкент» түз чартердик каттамын учуруу презентациясын өткөздү.  

Ачылыш аземинде саламдашуу сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов, Өзбекстан Республикасынын туризмди өнүктүрүү Мамлекеттик комитетинин жана USAIDдин өкүлдөрү чыгып сүйлөштү.

Иш-чарада 200 ашуун Өзбекстан Республикасынын туристтик бизнесинин жана массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Бир эле учурда жогоруда аталган рейсти учуруу алкагында 2019-жылдын 23-29-июнунда Кыргызстанга баруу менен уюштурулуп жаткан маалымат туруна дагы катыша турган Өзбекстан Республикасынын 70 ашуун массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү үчүн басма сөз жыйыны жана «INSPIRO group», «АЗИЯ ЛЮКС TRAVЕL» туристтик компанияларынын бет ачаары болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жайылтуу максатында катышуучуларга жарнама-маалымат буклеттери таркатылып, Кыргызстандын туризми жөнүндөгү роликтери көргөзүлдү.

  • Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги «INSPIRO group» (Кыргыз Республикасы), «АЗИЯ ЛЮКС TRAVЕL» (Өзбекстан Республикасы) туристтик компаниялары жана USAID менен биргеликте «Ыссык-Көл 2019» жана «Ташкент-Тамчы (Ыссык-Көл)-Ташкент» түз чартердик каттамын учуруу презентациясын өткөздү

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK