2019-2023-жылдарда туризм тармагын өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Программасын жүзөөгө ашыруу алкагында, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин активдүү колдоосу менен 2019-жылдын 27-июнунда «Ташкент-Тамчы-Ташкент» каттамындагы чартердик авиабайланышы жандандырылды.

Биринчи рейс менен 140 турист келди. Өзбекстандын бардык региондорунун ири ишканаларынын кызматкерлеринен турган эс алучуулардын түзүмү Өзбекстандын профсоюздар Федерациясы тарабынан 2017-жылы Кыргыз Республикасынын профсоюздар Федерациясы жана Өзбекстандын профсоюздар Федерациясынын ортосунда кызматташуу тууралу кол коюлган Келишимдин негизинде түзүлдү.
Иш-чаранын алкагында 2019-жылдын 24-июнан 27-июнуна чейин Өзбекстандын алдыңкы телерадиокомпаниярынын жана маалымат агенттиктеринин 35 өкүлүнө Кыргызстанга пресс-тур уюштурулуп өткөзүлдү.