2019-жылдын 31 июлунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайынжана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуусу болуп өттү.

3089

2019-жылдын 31 июлунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайынжана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда соода-экономикалык, транспорт-комуникациялык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Премьер-министр А.Арипов эки өлкөнүн товаржүгүртүүсүнүн өсүшүн, жарандардын өз ара барып-келүүлөөрүнүн көбөйүүсүн жана чек ара аймактарынын ортосундагы кызматташтыктын активдешүүсүн канаттануу менен белгилеп өттү.

Элчи И.Джунусов транспорт жана билим берүү тармактарында  кызматташтыкты активдештирүү жөнүндө өз пикирин билдирди.

Тараптар, эки мамлекеттин Премьер-министрлери жетектеген эки тараптуу кызматташуу боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын жана Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара аймактарында жайгашкан облустардын башчыларынын Кеңешинин ишмердүүлүгү, кызматташуунун андан аркы өнүгүүсүнүн маанилүү механизми болоорун белгилешти. Өзбекстанда болуп өтө турган кезектеги Өкмөттөр аралык комиссиянын жана Кеңешинин отурумдарына кылдаттык менен даярдануу керектиги айтылды.

  • 2019-жылдын 31 июлунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайынжана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK