2019 – жылдын 7 – августунда Фергана шаарында өтүп жаткан «Fergana International Investment Forum 2019» Эл аралык инвестициялык форумуна Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов катышты

3159

Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан  Республикасынын ортосундагы чек ара аймактык кызматташууну андан ары активдештирүү максатында, 2019 – жылдын 7 – августунда Фергана шаарында өтүп жаткан «Fergana International Investment Forum 2019» Эл аралык инвестициялык форумуна 54 адамдан турган курамдагы Кыргыз Республикасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарынын делегацияларынын өкүлдөрү менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов катышты.

Делегацияларды Ош областынан – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б.Юсупов, Баткен областынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Ж.Исакулов жана Жалал-Абад областынан - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси И.Масабиров жетектеп келишти.

Ошондой эле, кыргыз делегациянын курамында Кыргыз Республикасынын бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү бар, алар иш чаранын алкагында өнөктөштөрү менен экспорттук-импорттук операцияларды жүргүзүү, биргелешкен ишканаларды түзүү жана эки мамлекеттин чек ара аймагында жайгашкан областтарынын экономикасына инвестициялоо маселелерин активдүү талкуулап жатышат.

  • 2019 – жылдын 7 – августунда Фергана шаарында өтүп жаткан «Fergana International Investment Forum 2019» Эл аралык инвестициялык форумуна Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов катышты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK