2019-жылдын 9 сентябрыдаКыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайынжана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Борбордук Азияда баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушуусу болуп өттү.

5931

2019-жылдын 9 сентябрыдаКыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайынжана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусовдун Борбордук Азияда баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча БУУнун Башкармалыгынын (БУУ БКБ) Аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда банги заттардын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүү, ошонун ичинде биргеликтүү долбоорлордун жана программалардын ишке ашыруусунун эффективдүүлүгүн жогорулатуубоюнчаэл аралык кызматташтын актуалдуу суроолору талкууланды.

А.Миттал банги заттардын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө эл аралык иш аракетерде Кыргызстандын активдүү ролун, ошондой эле биздин өлкөнүн компетенттүү органдардын бангикылмыштарды профилактикалоодо жана банги заттарды мыйзамсыз ташуучутрансулуттук каналдарды жойууда болгон жетишкендиктерди жогоруу баалады.

БУУнун Башкармалыгынын Аймактык өкүлүэлчи И.ДжунусовдуТашкентте 2019-жылдын 23-27 сентябрында өтө турган Жакынкы жана Ортонку Чыгышта банги заттардын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча Астынкы комиссиясынын54-сессиясына катышып кетүүгө чакырды.

И.Джунусов Кыргызстандын банги заттардын мыйзамсыз жүгүртүү менен күрөшүүдө болгон ролуна берилген жогоркуу баага жана Астынкы комиссиясынын 54-сессиясына катышууга чакырууга ыраазычылыгын билдирип, Кыргыз Республикасы БУУ БКБ менен кызматташуунун кеҢейишине зор маани берээрин жана биргелешип ишке ашырылып жаткандолбоорлорду жогоруу баалаарын белгиледи.

Тараптар ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Элчилигинин жана БУУ БКБнун Аймактык өкүлчүлүгүнүн ортосундагы андан аркы өз ара кызматташуусу тууралу маселелерин талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK