2019-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов Элчиликте Корея Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчиси Кан Чже Квон менен жолгушту

3281

2019-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов Элчиликте Корея Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчиси Кан Чже Квон менен жолгушуп, Кыргыз-Түштүк Корея кызматташуусу тууралуу маек курушту. Жолугушуу Түштүк Корея тараптын сунушу менен уюштурулду.

Элчи И.Джунусов Элчи Кан Чже Квонду дайындалышы менен куттуктап, эки өлкөнүн эзелтеден келген достук мамилелерин белгилеп кетти. Кыргызстандын демократиялык өзгөрүүлөрүнө колдоо жана демократиялык коомду куруу үчүн Корея мамлекетинин колдоосу  үчүн ыраазычылык билдирди.Кыргыз тараптын Корея менен соода-экономикалык жактан кызматташууга кызыктар экенин айтып, экология жактан таза азыктарды жөнөтүү зарылчылыгы бар экенин белгилеп кетти.

Эки тарап, Корея Республикасынан Кыргызстанга келген туристердин агымы көбөйүп бара жаткандыгын канаттануу менен билдиришти. Сүйлөшүүнүн алкагында түз Бишкек-Сеул авиа каттамын , андан тышкары оор жүк ташуу авиа каттамдарын ачуу маселелелери талкууланды. Ошондой эле алдыдагы саясий байланыштардын жана эки тараптын жогорку визити тууралуу кеп салышты. 2007-жылы түзүлгөн "Борбор Азия - Түштүк Корея," дайыма көп тараптуу диалог ийгиликтүү жана өз ара ишенимди бекемдөөгө салым кошкондугун, Корея жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара алаканы арттыруу каралган.

Жолугушуунун аягында Элчи И. Джунусов Кан Чже Квонго албан-албан ийгиликтерди  каалады.      

  • 2019-жылдын 18-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Ибрагим Джунусов Элчиликте Корея Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчиси Кан Чже Квон менен жолгушту

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK