Кыргызстан Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Дюсен Касеинов менен жолукту
2020-жылдын 27-февралында Кыргызстан Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде Кыргызстан Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун түрк маданиятынын Эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысы Дюсен Касеинов менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө түрк тилдүү мамлекеттеринин маданий байланыштарын өнүктүрүүдө жана бекемдөөдө ТҮРКСОЙ уюмунун чоң ролу белгиленип, ушул жылга Ноорузду майрамдоонун жана 2020-жылы Өзбекстан Республикасынын Хива шаары түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болуп жарыяланышынын алкагында пландаштырылган биргелешкен иш-чаралар талкууланды.
Мындан тышкары, Элчи Ибрагим Жунусов Дюсен Касеиновдун «2019-жылы Ош-түрк дүйнөсүнүн маданий борбору» Жылынын иш-чараларын жогорку деңгээлде өткөрүүгө көрсөткөн жеке колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушуунун аягында Дюсен Касеинов Элчиге Чынгыз Айтматовдун жана ТҮРКСОЙ тарабынан жарык көргөн «Уш Арыс» китептерин тапшырды.