Өзбекстан Республикасында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн маалымат

5952

Өзбекстанда коронавирустун жайылышынан улам түзүлгөн кырдаалга байланыштуу, Кыргызстандын жарандарына жеке коопсуздук чараларын күчөтүүнү сунуштайбыз, атап айтканда:

- эл көп чогулган жерлерге барбоону;

- жеке гигиена эрежелерин сактоону;

- медициналык маскаларды жана дезинфекциялоочу каражаттарды колдонууну.

Өзбекстанда төмөндөгүчө чектөөлөр киргизилген:

- Ташкент, Наманган, Андижан, Бухара жана Гулистан шаарлары транспорттун бардык түрлөрү үчүн толугу менен жабык, жүк автотранспортторунан сырткары;

- 65 жаштан ашкан жарандарга үйлөрүнөн чыгууга тыюу салынган;

- ушул жылдын 30-мартынан тарта 20-апрелине чейин Өзбекстандагы бардык аэропорттор өз ишин токтотушкан (өз жарандарын эвакуациялоо үчүн чартерлер жана ички каттамдары дагы);

- 30-марттан 20-апрелге чейин өлкөдө региондор аралык, Ташкент жана Нукус шаарларында, облустук борборлордо транспорт каражатынын жүрүүсүнө чектөөлөр коюлган, мамлекеттик кызмат көрсөтүү борборлору тарабынан берилген атайын стикерлердин негизинде жүрүүгө уруксат берилет;

- банк имараттарынын сыртында жайгашкан кассалардын, акча алмаштыруу пункттарынын жана эл аралык акча которуулардын иши  убактылуу токтотулган;

- 2020-жылдын 23-мартынан тартып бардык адамдардын Өзбекстандын аймагына Өзбекстан Республикасынын мамлекеттик чек арасынын көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу кирүүсү убактылуу токтотулган. Өзбекстан Республикасынын жарандарын жана өлкөдө туруктуу жашаган жарандыгы жок адамдарды республиканын аймагынан чыгууга тыюу салынган. Кыргыз Республикасынын жарандарынын республиканын аймагынан Кыргыз Республикасына чыгууга чектөө жок.

- Миграция жана жарандыкты каттоо бөлүмдөрү (МЖКБ) 2020-жылдын 24-мартынан тартып атайын сунуштар (рекомендациялар) түшкөнгө чейин, Өзбекстандын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды кабыл алууну убактылуу токтоткон.

Оорунун белгилери байкалган учурда (температурасы 37,5 ° С жана андан жогору, жөтөл, мурундун агышы, дем алгандан кыйналуу, баш оору) ыкчам кызмат акысыз номерлерине кайрылуу зарыл.

Мындан тышкары, Өзбекстандын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарын өздүк маалыматтарын (толук аты-жөнү, байланыш телефону, жайгашкан жери, паспорттогу маалыматтар) kgembassy.uz@mfa.gov.kg электрондук дарегине же «whatsapp» аркылуу +996555978558 номерине (билдирүүлөр гана) маалымдап коюуну суранабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK