Маалыматтык билдирүү

5417

Өзбекстандагы коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу, Атайын республикалык комиссиянын чечими менен баардык уруксаат кагаздары (лицензиялар жана уруксааттар), андан тышкары инсандыкты тастыктаган документтер (жарандык паспорт, Өзбекстанда жашап турууга уруксат), транспорт каражаттарына талап кылынган документтер (камсыздандыруу полиси, автоунаа айдоо үчүн ишеним кат, транспорт каражаттарын каттоону (кайра каттоону) жана техникалык күбөлүктү тастыктаган документтер) карантин учурунда мөөнөтү аяктаса – 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылат. Ошондой эле, чет өлкөлүк жарандар үчүн берилген визалардын мөөнөтү дагы 2020-жылдын 1-июлуна чейин узартылат.

Документтердин жарактуулук мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу жоопкерличилик жана башка чаралар колдонулбайт.

Кыргыз Республикасынын жарандарында суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине  төмөнкү байланыштар менен кайрылууну сунуштайбыз: +998909012982,  тексттик билдирүүлөр үчүн +998909012982 «Telegram» жана +996550978558 «WhatsApp». Жумуш телефону: +998712398613.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK