Маалыматтык билдирүү

5107

Өзбекстандагы коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу, Атайын республикалык комиссиясынын буга чейинки киргизген чектөө чаралары (карантин), андан тышкары коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы туруунун күчөтүлгөн тартиби 2020 жылдын 1-июнуна чейин узартылды.

Атайын республикалык комиссия ошондой эле карантин мезгилинде ички каттамдарда аба жана темир жол транспортун уюштуруунун убактылуу тартибин бекитти. 2020-жылдын 18-майынан тарта өлкөнүн ичинде аба жана темир жол байланыштарын жарым-жартылай калыбына келтирилет.

Элчилик Өзбекстан Республикасынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын жарандарын карантин мезгилинде кабыл алуучу өлкөнүн бийликтеринин бардык эрежелерин жана талаптарын сактоого үндөйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK