Министр Ч.Айдарбеков Өзбекстан Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчисинен Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алды

4806

2020-жылдын 13-июнунда Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Кыргыз Республикасындагы Өзбекстан Республикасынын жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хуршид Мирзахидовдон Ишеним грамоталардын көчүрмөсүн кабыл алды.
Министр Ч.Айдарбеков Элчи Х.Мирзахидовду Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктады жана жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады.
Тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты жана мындан аркы өз ара аракеттенүүнүн багыттарын белгилешти.
Кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы сүйлөшүү процессине, ошондой эле 2020-жылга пландаштырылган иш-чараларга өзгөчө көңүл бурулду.
Элчи жылуу кабыл алынгандыгы үчүн чын ниеттен ыраазычылыгын билдирип, кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусун тереңдетүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK