Маалыматтык билдирүү

4829

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча Атайын республикалык комиссиянын чечими менен Өзбекстандын аймактарына ыйгарылган үч денгээлдеги карантиндин колдонулушу («кызыл», «сары» жана «жашыл»), ошондой эле күчөтүлгөн санитардык-гигиеналык көзөмөл 2020-жылдын 1- августуна чейин сакталды.

Ошол эле учурда, коомдук жайларда бет маскаларын тагынуу жана антисептикалык каржаттарын колдонуу, ошондой эле социалдык аралыктын принцибин сактоо боюнча талаптардын аткарылышын күчөтүү тапшырмасы берилди.

Элчилик Өзбекстан Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын карантин мезгилинде өлкөнүн бийликтеринин бардык эрежелерин жана талаптарын сактоого үндөйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK