Өзбекстан Республикасында карантин чараларын жеңилдетүү жөнүндө

4420

2020-жылдын 1-сентябрынан тартып Өзбекстан Республикасы менен Кыргызстан Республикасынын ортосундагы автомобиль жолдорундагы өткөрүү пункттарына карата кирүү-чыгууга коюлган чектөөлөр жокко чыгарылып, санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо шарты менен, төмөнкүдөй тартип киргизилүүдө:

- Акыркы 14 күндүн ичинде Кыргыз Республикасынын аймагында болгон, же коронавирустук инфекциясынан ПЦР тест анализдеринин терс натыйжалары жөнүндө күбөлүгү бар адамдар Өзбекстан Республикасынын аймагына киргенден кийин карантиндик көзөмөлгө алынбайт;

- Кыргызстан Республикасынан чыгып кеткен жана ушул мамлекеттин аймагында гана болгон Өзбекстан Республикасынын жарандары, республикага кайтып келгенден кийин, карантиндик көзөмөлгө алынбайт.

Мындан тышкары, Өзбекстан Республикасынын аймагынан коңшу мамлекеттерде катталган жана республикага убактылуу алынып келинген автоунаалар үчүн чыгууга, ошондой эле кошумча ыңгайлуулуктарды түзүү максатында, башка чет мамлекеттерге автоунааларды чыгаруунун мөөнөтү 2020-жылдын 1-ноябрына чейин узартылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK