Москва шаарында Кыргызстан жана Өзбекстан тышкы иштер Министрликтеринин башчыларынын жолугушуусу болду

3978

2020-жылдын 9-сентябрында, Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ч.Айдарбеков Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри А.Камилов менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн бардык деңгээлдеринде кыргыз-өзбек кызматташтыгынын прогрессивдүү өнүгүшүн канааттануу менен белгилешти. Инвестициялык, соода-экономикалык жана чек ара кызматташтык маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар кыргыз-өзбек Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоону аяктоо жана аймакта коопсуздукту камсыз кылуу зарылдыгын белгилешти.

Өз ара сооданы көбөйтүү максатында коронавирустук инфекциянын терс таасирин жоюу боюнча чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга жетишилди.

Тышкы саясат ведомстволорунун жетекчилери эки тараптуу жана көп тараптуу деңгээлде өз ара аракеттенүүнү сактоо жана чыңдоо маанилүү экендигин белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK