Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын өтүүдөгү алгоритми

7404

2020-жылдын 25-сентябрында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги,  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы жана «Манас» эл аралык аэропорту» ААК тарабынан Кыргыз Республикасынын чек арасынан өтүү эрежелери бекитилген.

Приказга ылайык чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына уча турган аба кемесинин (самолеттун) бортуна акыркы 72 саатта (3 сутка) аралыгында өткөрүлгөн коронавирустук инфекциясынын жоктугун тастыктаган ПЦР-изилдөөнүн жыйынтыктарын көрсөткөндө киргизилет.

Кыргыз Республикасына келиши менен санитардык-карантиндик пункттарынын (СКП) кызматкерлери тарабынан ПЦР-изилдөөнүн бардыгын текшерилип, аба кемесинин бортунда жүргүнчүлөргө термометрия да жүргүзүлөт.

Каттамдын узактыгына же учуунун кечигишине байланыштуу объективдүү себептер боюнча ПЦР тесттин мөөнөтү аяктаган учурда (72 саат), чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жери боюнча ПЦР тестин өтүүсү зарыл.

Автоунаа өткөрмө пункттары аркылуу да Кыргыз Республикасынын чек арасын өтүп жаткан чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар СКП кызматкерлерине COVID-19 га акыркы 120 саатта (5 сутка) аралыгында өткөргөн ПЦР тестинин терс жыйынтыгын көрсөтүүсү керек. СКП кызматкерлери тарабынан термометрия да жүргүзүлөт.

Транзиттик жүрүүгө байланыштуу объективдүү себептерден улам ПЦР тестинин жыйынтыктары (120 саат) аяктаган учурда, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар келген жери боюнча милдеттенме-анкетаны толтуруу менен ПЦР-изилдөөнү өтүүсү зарыл.

Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, COVID-19 коронавирустук инфекциясы жок экендигин тастыктаган ПЦР-изилдөөсү жок болсо же инфекциянын клиникалык көрүнүштөрү болгон учурда, Кыргыз Республикасынын аймагына киргизилбейт.

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптар Кыргыз Республикасындагы чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн же консулдук мекемелеринин аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлерине, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан эл аралык уюмдардын жана алардын өкүлчүлүктөрүнүн аккредитацияланган же дайындалган кызматкерлерине, ошондой эле аталган адамдардын үй-бүлө мүчөлөрүнө (Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигин алдын ала маалымдоодо), Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин же башка компетенттүү мамлекеттик органдардын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына келе жаткан чет мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын делегацияларынын мүчөлөрүнө, эл аралык жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуучу, эл аралык темир жол каттамынын поезд жана локомотив бригадаларынын айдоочуларына, ошондой эле өздөрүнүн ата-энелери менен (мыйзамдуу өкүлдөрү) келе жаткан мектеп чейинки курактагы балдарга жайылбайт.

ПЦР тесттеринин жыйынтыктары болуусу жөнүндө талап Тышкы иштер министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын башка компетенттүү мамлекеттик органдарынын чакыруусу боюнча Кыргыз Республикасына бара жаткан  шайлоо процессинин эл аралык байкоочуларына да колдонулбайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK