Пайдалуу маалымат

Өзбекстан Республикасындагы адвокаттардын тизмеси

Кыргыз Респупбликасынын жарандары Өзбекстан Республикасынын териториясында адвокат/фирмалардын кызматтары менен пайдаланыш үчүн Элчилик тараптан тизме даярдалган.

Тизме маалымат иретинде  адвокаттардын, адвокаттар бюросунун жана юридикалык ишканалардын өз ыктыяры менен  берген маалыматтары боюнча түзүлгөн.

            Ошол себептен бул маалыматтарды бир гана маалымат  катарында билдиребиз, сунуштоо эмес экендигин эске салабыз. Ушул тизмеде көрсөтүлгөн маалыматтардан колдонуу же адвокаттардын жана уюмдардын маалыматтарынан жана кызматтарынан пайдалануу, Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
            Эскертүү! Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги ушул тизмеде көрсөтүлгөн адвокат/фирмалардын жана юридикалык ишканаларынын кызматтарынын сапатына, ошондой эле ушул тизмеде көрсөтүлгөн маалыматтардан алган жыйынтыктарга жоопкерчилик тартпайт.
            Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилиги ушул тизмедеги көрсөтүлгөн адвокат/фирмалардын маалыматтарынан алынган чыгымдарды төлөбөйт. 
            Сураныч! Юридикалык кызматтар тууралуу көбүрөөк  маалымат алуу үчүн, аларга түздөн-түз байланышыңыздар. 

 

Мекеменин  аталышы (Байланыштар)

Байланыш маалыматтары

Кошумча маалымат

Адвокатфирмасы «LEGALVECTOR»

Адвокат:

Ахмедов ШерзодСатарович

 

Дареги: Наманган ш.,  Маргиланская 8 көч.

e-mail: legal_vector@mail.ru

Тел.:

+ 998 93 600 10 00

  • алдын ала иликтөө иштери боюнча коргоо (кызыкчылыктарын коргоо) (тергөө, иликтөө), ошондой эле ар соттук инстанцияны кароо;
  • жазык сот учурунда адвокаттын күбөгө болгон жардамы;
  • адмнистративдик укук бузуу иштерин коргоо (кызыкчылыктарынкоргоо) жана кайра кароодо укуктарын коргоо;
  • Жарандык сотко сунуштама;
  • Чарбалык иштери боюнча соту тууралуу сунуштама;
  • Сот иштери боюнча аткаруу ишин жүргүзүү;

Адвокатфирмасы

«RESJUDIKATA»

Адвокат:

Рустамов ТахирЭргашевич

Дареги: г. Ташкент,

пр. Мустакиллик, 42

e-mail: resjudikata@mail.ru

веб-сайт:

www. resjudikata.uz

Тел.:

+ 998 71 267 11 72,

+ 998 71 268 57 26,

+ 998 90 168 02 16

  • Укук чөйрөсүндөгү укуктук жардам,чарбалык, кылмыштуулука,жарандык, үй-бүлөлүк, административдик иштер боюнча;
  • укуктуккызматуюмдаржанаменчигининтүрүнөкарабастанишканаларга, ошондойэлесалыкжанабажыталаштары;

Адвокатфирмасы

«REALPROTECTION»

Адвокат:

ТаштаеваНаргизаМаликовна

 

Дареги: г. Ташкент,

массив «Юнусабад»,
квартал 4,  1 үй

e-mail: realprotection@mail.ru

веб-сайт:

www.realprotection.uz

Тел.:

+ 998 71 221 72 25,

+ 998 90 928 55 61

  • мыйзамдардын баардык тармактары боюнча кеңештер: үй-бүлөлүк, укумдан тукумга, турак-жай, эмгек келишиминде жумуштар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо;
  • сот өкүлчүлүктөрү, башка мамлекеттик органдар, жеке жана юридикалык жактардын  жарандык иштери боюнча жана адмнистративдик укук бузуулар боюнча:

Адвокатская фирма «Конун»

Соловьева Надежда Николаевна

Дареги: Ташкентская область, г.Чирчик, Пулат Юсупов, 10/1

Тел.:

+ 998 97 7702399

 

  • алдын ала иликтөө иштери боюнча коргоо (кызыкчылыктарын коргоо) (тергөө, иликтөө), ошондой эле ар соттук инстанцияны кароо;
  • жазык сот учурунда адвокаттын күбөгө болгон жардамы;
  • адмнистративдик укук бузуу иштерин коргоо (кызыкчылыктарынкоргоо) жана кайра кароодо укуктарын коргоо;
  • Жарандык сотко сунуштама;
  • Чарбалык иштери боюнча соту тууралуу сунуштама;
  • Сот иштери боюнча аткаруу ишин жүргүзүү;

Өзбекстан Рсспубликасына келиш үчүн кирүү/чыгуу тартиби

 

Кыргыз Республикасынын жарандарына Өзбекстан Республикасына кирүү жана чыккандыгы тууралуу маалымат.

 

            Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын аймагына кирүү, чыгуу, транзит жана убактылуу болуу «Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбек Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Макулдашуу менен жөнгө салынган.
            Макулдашууга ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандары жарактуу жүрүү документтери менен Өзбекстан Республикасына кирүү, чыгуу, транзит менен же убактылуу болууга, визасыз 60 күнгө уруксат берилген. Эгерде 60 күндөн өтө турган болсо, анда Өзбекстан Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартибинеылайык виза ачуу шарттуу түрдө. 
            Кыргыз Республикасынын жарандарына Өзбекстан Республикасына кирүү, чыгуу, транзит менен өтүү жана убактылуу жашаганга документтердин тизмеси:    

1. Кыргызской Республикасынын дипломатиялык паспорту;

          2. Кыргызской Республикасынын кызматтык паспорту;

  3. Кыргызской Республикасынын жарандарынын жалпы паспорту;

4. Кыргызскую Республикасына кайтып келүү күбөлүгү.

        

Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок жарандарга Өзбекстан Республикасынын визасын алыш үчүн, Өзбекстандын чет мамлекеттерде жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук бөлүмдөрүнөн “жарандарды виза менен колдоо”(Өзбекстан Республикасынын ТИМнин тастыктоосу боюнча)негизинде виза алуу керек

Өзбекстан Республикасынын аймагында туруктуу же убактылуу жашаган, юридикалык жана жеке жактардын чакыруусунун негизинде виза менен колдоо, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көрсөтүүсү менен берилет.

Чет өлкөлүк жарандарды юридикалык жактардын чакыруусу үчүн зарыл болгон документтер:

- Уюмдун бланктарына, белгиленген үлгүдө Визага арызын толтурушу керек

- Электрондук анкетасы  evisa.mfa.uz  көрсөтүлгөн сайттан толтуруш керек;

- Чакырган тараптын паспортунун көчүрмөсү, уюмдун жетекчиси менен юридикалык жактын ыйгарым укуктуу адамдын паспортунун көчүрмөсү

- Мекеменин документтеринин көчүрмөсү (лицензия, сертификат, өздүк документтерж.б); 

-Жетекчисининжанаыйгарымукуктууадамга болгонбуйруктардынкөчүрмөлөрү;

- Мекеменин ыйгарым укуктуу болгон адамга ишеним каты;

- Виза алып жаткан учурда, “Ташкент” аэропортуна учуп келгенде авиабилеттин же алдын ала орун алгандыгы тууралуу көчүрмөлөрүн көргөзүшү абзел; 

- Чакырган тараптын иши тууралуу маалыматты;

 

Чет өлкөлүк жарандарды жеке жактардын чакыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги:

Белгилен үлгүдөгү Визага болгон арызы;

- Электрондук анкетасын  evisa.mfa.uz  көрсөтүлгөн сайттан толтуруш керек;

-Чакырган жан чакырылган тараптардын паспортторунун көчүрмөлөрү;

-Өзбекистан Ички ишштер министрлиги тарабынанан берилген чакыруу жөнүндө кабарлоонун баштапкы баракчасынын; 

- Туугандыгы тууралуу документтердин көчүрмөсү (эгер болсо); 

- Виза алып жаткан учурда, “Ташкент” аэропортуна учуп келгенде авиабилеттин же алдын ала орун алгандыгы тууралуу көчүрмөлөрүн көргөзүшү абзел; 

Юридикалык же жеке жарандардын арыздарын карап чыгуу жана документтерди берүү үчүн мөөнөтү ТИМ тарабынан белгиленген тартип боюнча 10 жумушчу күн болуп саналат.

Чет элдик жарандарга жана жарандыгы жок жарандарга Өзбекстан Республикасынын визасын алыш үчүн, Өзбекстандын чет мамлекеттерде жайгашкан дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук бөлүмдөрүнө төмөнкү документтерди көрсөтүш керек:

- паспорт же жарандыгы жок тууралуу документ,паспорт или документ лица без гражданства,мөөнөтү 3 айдан кем эмес, виза жарактуулук мөөнөтү ашпашы керек;

- 2 экземплярда толтурулган виза анкетасы;

- паспорттун сүрөтүнүн көлөмүндөгү 2 түстүү сүрөт;

"Жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбек Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2006-жылдын 3-октябрында Ташкент шаарында кол коюлган Макулдашуунун негизинде Кыргыз Республикасынын жарандарына  визаны каттоо жана берүү үчүн консулдук жыйындар алынат:

- алты айга чейин - 10 АКШ доллары;

- бир жылга чейин – 20 АКШдоллары.

 

Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстан Республикасына болгон убактылуу саякатка баргандыгын  каттоо.

         Убактылуу келген Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жалпы жарандык паспорту менен каралган 3 күн ичинде убактылуу каттодон өтүшү абзел, дем алыш күндөр эсептелинбейт.

Өзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын жарандары жеке иштери менен жеке жактардын чакыруусу менен же юридикалык мекемелердин чакыруусу менен келген жарандарды жана жеке менчик үйдө жашагандарга, көрсөтүлгөн мөөнөттө ички иштер бөлүмүнө кайрылып (кирүү-чыгуу жарандарды каттоо бөлүмүнө), убактылуу каттодон өтүп, паспортторуна мөөр басылышы керек. Жарандарды каттоо бөлүмүнө кайрылуу учурунда үй ээсинин кошулуп келиши шарттуу түрдө. 

Эс алуу жайларына, санаторийлерге келгендерге, орууканада дарылануу алгандарга жана убактылуу мейманканаларда болгондорго, аталган мекемелер тараптан каттоо жүргүзүлөт.

Каттоонун мөөнөтү Өзбекстанга кандай максат менен келгендиги тууралуу аныкталат жана 6 айга чейин каттоо мүмкүн. Кыргыз Республикасынын жарандары, каттоо мөөнөтү аяктанган соң,  Өзбекстан Республикасынын аймагынан чыгып кетүүгө милдеттүү.

2018-жылдын 15-июлунан баштап Өзбекстанда, чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга убактылуу алыстан каттоо системасы иштей баштады.
            Каттоонун үч жолу бар: интернет-порталы (emehmon.uz) аркылуу, мобилдик колдонуу аркылуу, ошондой эле турак-жерлерде өз алдынча туристтер каттоо системалары аркылуу. Булсистема мурда турак-жай имараттарында жана ооруканаларда каттоо үчүн стандарттуу болгон.
            Биринчи жолу - интернет порталы. Портал аркылуу каттоо үчүн emehmon.uz сайтын ачып, маалыматтарды каттоо терезесиндеөздүк маалыматтарды киргизүү керек, андан кийин "келүү баракчасын” толтуруп акырында туристтик жыйынды төлөш керек, төлөө учурунда төлөм картасынын маалыматтарын көрсөтүү керек.
            Экинчи жол - мобилдик колдонмо. Уюлдук телефондон emehmon колдонуу аркылуу каттоо үчүн, e-mehmon мобилдик колдонмосун орнотуу керек жана мобилдик телефон аркыллу авторизация кылыш керек. Андан кийин “Конокко келүү баракчасын” толтуруп, туристтик жыйынды төлөш керек, төлөө толтургандан кийин өзү жазылат. Бул жол, азыркы учурда, Android - мобилдик телефондоруна гана жеткиликтүү.
            Жогорудагы эки ыкмалары менен пайдалануу- өз алдынча келген чет өлкөлүк жарандарга, ошондой эле коммерциялык максат менен эмес алардычакырган адамдарга (туугандар, достор) тийешелүү.
            Үчүнчү жолу - өз алдынча туристтерди турак-жай имараттарында жайгаштыруу системасы.
            Турак-жай имараттарында каттоого алынып жана туристик жыйындарды төлөгөн, бирок анда жашабаган, чет өлкөлүк жарандар үчүн e-mehmon системасында атайын бөлүк бар - көз карандысыз туристтер.Бул үчүн, сиз адаттагыдай эле бардык тармактарда толтуруп турган күндөрдүн саны көрсөтүшүнүз тийиш.
            МААНИЛҮҮ! Убактылуу Өзбекстанда жашаганда, Өзбекстан Республикасынын укук коргоо органдары менен проблемаларды алдын алуу үчүн, төмөнкү көрсөтмөлөрдү аткарыныздар:
            - Мейманканаларда же ички иштер органдарында (Өзбекстандын Ички иштер министрлигинин келүү-кетүү бөлүмдөрүндө, "паспорттук стол" деп аталган) Өзбекстанга кирген күндөн тартып (башкача айтканда, Өзбекстандын чек арасынан өткөндөн тартып)үч күндөн кечиктирбестен каттоодон өтүнүздөр, биринчи күн болуп келген күн болуп эсептелет. Өзбекстандын укук коргоо органдары биринчи күн деп Өзбекстанга кирген күндөн тартып каттоого тургузуу мүмкүн болгон күндү эсептешет. Убактылуу жашап турууга уруксат алуу үч күндүк мөөнөт келгенден кийин  (Өзбекстандын чек арасын өткөндөн тартып) кийинки күндүн саат 00:01ден тартып эсептелип баштайт.Бул шарттар аткарбастык Өзбекстанда жүрүү эрежелерин бузуу болуп саналат.
            Дем алыш күндөр - жекшемби жана Өзбекстан Республикасынын улуттук майрамдары(ишемби иш күн).
            - Жогоруда аталган үч күндүк мөөнөт Өзбекстанга киргенден кийин каттоо үчүн саналат.Өзбекстандын мыйзамдары менен мамлекеттен чыгуу учурунда же даректи алмаштыруу учурунда каттоосуз жок жүрүү каралган эмес жана каттоо Өзбекстандан чыгып кетип бараткан күнү жарактуу болуш керек. Каттоо мезгил Өзбекстандан чыгып кетип жаткан күнү аяктаган болсо, анда бул мыйзамдуу бузуу болуп каралышы мүмкүн.Бул учурда, мамлекетке киргенден кийин каттоого туруу үчүн үч күндүк мөөнөт ичинде “куткарылган” күндөр бар болгондугу эске алынбайт.
            - Эгер, Өзбекстанда турган даректин бир күнгө же андан көпкө өзгөрүлсө (конокко баруу, саякаттоо), дароо (ошол эле күнү) жаңы дарек боюнча каттоого турууга кайрылыныздар. Өзбекстандын майзамдары менен даректин алмашуу учурунда (башка жайга же башка мейманканага көчүү учурунда) каттоого туруумөөнөтү чектелген эмес. Өзбекстан Республикасынын ички иштер органдары бул учурда, каттоо дароо (ошол эле күнү)аткарылууга тийиш деп эсептешет.Башкача айтканда, чет өлкөлүк жаранга жүрүү шартын бузган деген айып койулушу мүмкүн. Өзбекстанда "Паспорт текшерүү" деп аталган текшерүү практикасы кенири тараган. Чет өлкөлүк жарандардын, бир дарек (же мейманкана) боюнча убактылуу каттоосу бар экенин билинип, бирок ал башка дарек боюнча жашап жүргөнү билинсе, бул жаран жоопкерчиликке тартылышы мүмкүн.
            -Мейманканада жайгашуунун алдында (санаториялык-курорттук же медициналык мекемеде) милдеттүү түрдө каттоо жол-жобосун тактаныз жана мейманканадан чыгуу учурунда каттоо белгилерин алганын унутпаныз. Каттоону чек арадагы контролдоо-өткөрүү пунктундагы миграциялык кызматкерлеринин талап кылган учурунда бериниз.
            МААНИЛҮҮ! Өзбекстан Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндөгү Кодексинин 225-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, чет мамлекеттин жараны же жарандыгы жок адам жүрүү эрежесин бузушу, башкача айтканда, убактылуу каттоосуз же жараксыз документтер менен   жашоо, убактылуу же туруктуу каттоо боюнча белгиленген тартибти сактабоо, жүрүү же жашаган жерди тандоодо, чектелген жүрүү убактысы айактаганда чыгуудан баш тартуу, ошондой эле Өзбекстан Республикасындагы аймагы аркылуу транзиттик өтүү эрежелерин сактабоо, 50дөн 100гө чейинки минималду эмгек акы менен бааланган айып салууга же Өзбекистан Республикасынан аймагынан күч менен чыгарууга алып келет

 
            Убактылуу каттоодон бошотулат:
  • Өзбекстан Республикасына үч күнгө чейин келген жана ушул мөөнөттүн ичинде республикадан кеткен чет мамлекеттин жарандары;

- 16 жашка жете элек чет мамлекеттин жарандары;

- чет өлкөлөрдүн мамлекет жана өкмөт башчылары;

- парламенттик же өкмөт делегацияларынын мүчөлөрү;

- Өзбекстан Республикасына белгиленген тартипте келген чет өлкөлүк самолеттордун экипаж мүчөлөрү;

- шаарларда жана калктуу аймактарда, анын ичинде аныкталган пунктарда, эл аралык жүк жана жүргүнчүлөрдүн ташуу учурундагы чет мамлекеттин автотранспорт каражаттарынын экипажына кирген адамдар

 

 

 

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Өзбекстан Республикасынан чыгып кетүүгө тыюу салынышынын себебтери 

 

            Көпчүлүк учурда, бул тыюу салуу эсебинен камсыз кылуу милдеттерин аткарбай карызы бар экендигинен  болот. Бул тажрыйба соттун чечими менен бекийт жана карызы бар адамдарга карата колдонулат.  Чектөөнү алып салуу карызды жапкандан кийин сот аркылуу гана мүмкүн болот.

            Четке чыгуу тосколдуктардын бар болушун билүү үчүн Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын алдындагы Милдеттүү түрдө аткаруу Бюросунун сайтынан караса болот – mib.uz.

 

 

Өздүк авто унаасында Өзбекстанга келүү боюнча маалымат.

         Чет мамлекетке катталган гана авто унааларды, Өзбекстан Республикасынына убактылуу алып келүүгө мүмкүн.

Өзбекстан Республикасынын Бажы кодексинин 159-беренесине ылайык, чет элдик жарандарга, комерцияга багытталбаган келүүлөр болсо, убактылуу кирүү бир жылдын ичинде 90 (токсон) күндөн ашпашы керек.  Өзбестан Республикасынын Өкмөтүнүн орнотулган тартибинин негизинде, авто унаа менен убактылуу кирүү 1 жылдын ичинде 90 күндөн ашса, белгиленген төлөм төлөнөт.

Бул эреже эл аралык жүк жана жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн пайдаланылган транспортторуна тиешеси жок.

 

         МААНИЛҮҮ! Кыргыз Республикасына таандык мамлекеттик номери менен авто унаалар, Өзбекстан аймагында 1 жылдын ичинде 90 күндөн ашпоого тийиш.

Өзбекстандын аймагында авто унааны убактылуу узартуу үчүн, айдоочу тарабынан бажы мыйзамдарын бузууларды алдын алуу максатында, бул мөөнөт бүткөнгө чейин, айдоочу аймактык бажы органына тиешелүү документтери жана арызы менен кайрылышы керек.
            Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жеке максат менен убактылуу келип, авто унаасын 3 айга убактылуу каттаган, Өзбекстан Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жери жок жарандарга, чек арадыгы бажы кызматына кайра чыгуу милдетемесин 3 нускада көрсөтүшү абзел. 

Авто унааны кайра чыгуу милдеттемесин өз убагында аткарбаса же аталган убакытта  каттабаса, ар бир мөөнөтү өткөн күнгө авто унаанын кыймылдаткычынын күчүнө жараша 0,01 АКШ доллары төлөмү төлөнөт.

МААНИЛҮҮ! Өзбекстан аймагында терезелери карангылатылган авто унаасы менен жүрүү үчүн атайын уруксат керек.

          Авто унаанын арткы терезелери үчүн максималдуу жол берилген караңгылатуу каражаттары 5 пайыздан кем эмес, ал эми 30 пайызы арткы каптал терезелерин үчүн.Алдыңкы жана алдыңкы каптал терезелерин кандайдыр бир караңгылатууга тыюу салынат.Ошондой болсо да, түс жарык берүү тилкесинде, аралыгы кеминде 14 см, туурасы жана автоунаа каражатынын алдыңкы терезесинин жогорку бөлүгүндө 30 пайыздан ашык эмес, караңгылатуу коюуга уруксат берилет

Жогоруда көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген чет өлкөлүк номерлер менен катталган  терезелери караңгылатылган авто унааларга, малекеттик пошлина 15 АКШ доллары (Өзбекстан Республикасынын Улуттук Банкынын курсу боюнча) курсуна ылайык төлөм төлөнүп, терезелери караңгылатылган түрдө Өзбекстан аймагына кирүүгө уруксат берилген. Ал эми терезелери караңгылатылган эмес авто унааларга, аталган пошлина төлөнбөйт.

          Эл аралык айдоо күбөлүктөрү, Өзбекстан Республикасынын аймагында транспорт каражаттарын айдоо үчүн жарактуу болуп саналат.

Жол боюнча Конвенциянынын талаптарына ылайык чет өлкөлүк жарандардын улуттук айдоочу күбөлүктөрү күбөлөндүрүлгөн котормосу менен Өзбекстан Республикасынын аймагында жарактуу. Конвенциянын талаптарына ылайык келбеген чет өлкөлүк жарандарга Өзбекстан Республикасынын айдоочу күбөлүгүн алуу үчүн, Өзбекстан Республикасынын жарандары үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

 

Кыргыз Республикасынын жарандары Өзбекстан Республикасынын жарандары менен болгон никелешүүсү тууралуу мааалымат.

        
Өзбекстан Республикасынын Үй-бүлө мыйзамынын негиздери менен Өзбекстан Республикасынын Үй-бүлө кодексинде белгиленген, ошондой эле Өзбекстан Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык кабыл алынган.

Өзбекстан Республикасынын Үй-бүлө мыйзамынын негизинде,  Өзбекстан Республикасында жашаган чет элдик жарандар жана жарандыгы жок адамдар Өзбекстан Республикасынын аймагында толук укуктар менен пайдаланышат, ошондой эле үй-бүлөлүк мамилелерде Өзбекстан Республикасынын жарандары менен бирдей  толук жооптуу. 


Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосунда укуктук жардам жана жарандык укуктук мамилелер, үй-бүлө жана кылмыш иштери жөнүндө Макулдашуу (1993-жылдын 22-январында Минск шаарында кол коюлган).Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын жарандары ортосундагы үй-бүлөлүк карым-катнаштардагы укуктарынын бирден бири болуп саналат.

Никеге туруу

Кыргыз Республикасынын жараны Өзбекстан Республикасынын жараны менен никеге туруу учурунда, каттоо органдарында келечектеги жубайлардын биринин жашаган жери боюнча түзүлүшү мүмкүн. Нике эки тараптын арыздарынын негизинде, арыз жазаган күндөн тартып эреже катары бир ай өткөндөн кийин түзүлөт.

Нике төмөнкү учурларда түзүлбөшү мүмкүн:

- никелешип жаткан тараптардын биринин, башка жаран менен никеси болсо;

-  бир туугандар ортосунда жана каны бир туугандарга, ошондой эле багып алган балдарына жана кыздарына. 

- никелешип жаткан тараптарга сот тараптан психикалык жактан ооруулуу (акылы кем) деп тыянак чыкса уруксат берилбейт.

Никеге туруу учурундабир фамилияда болушу үчүн, жубайлар өз ыктыярлары менен жубайларынын биринин фамилиясын тандашат, же ар кимиси никеге чейинки өз фамилияларында калуусу абзел. Жубайлардын биринин фамилясын өзгөртүү, экинчисинин фамилясын өзгөртүү өз ыктыяры менен болот.

Диний салтанат менен кошулган нике укуктук мааниге ээ эмес, ошол себептен үй-бүлөлүк мыйзам тарабынан жөнгө салынган эмес. Никени каттоо, жарандыгын каттоого алуу органы кабыл албаса, тиешелүү мекемени конролдогон мекемеге же сотко арызы менен кайрылыш керек.

 

Жубайлардын мүлкү жана аларды пайдалануу жолдору

 

Эгерде жубайлардын ар биринин менчиктери же болбосо нике учурунда жубайлар тараптан менчик мүлккө сарпталган каражаттар (мисал үчүн: капиталдык ремонт, реконструкция, тосмолоо) тастыкталса,  жубайлардын мүлкү (кирешеси), нике учурунда чогулткан мүлкү, ошондой эле никеге кошулардан мурунку жубайлардын мүлкү-алардын ортодогу мүлкү болот. Никеге чейин жубайлардын ар бирине таандык болгон мүлк, ошондой эле мурас же башка акысыз бүтүмдөр боюнча, белек катары никенин учурунда алардын бири тарабынан алынган, анын менчиги болуп саналат. Жубайлардын ортосундагы болгон менчиги же мүлкү, алардын жалпы менчиги болуп саналат, ортодогу менчикти пайдаланууга жана тескөөгө бирдей укуктарга ээ. Ортодогу  мүлктүн эсебинен жубайлардын бири тарабынан буюм же келишим түзө турган болсо, жубайлардын экинчи тарабынын  макулдугу  менен ишке ашат.

 

Нике келишими

 

Нике келишими - жубайлар никеге болгон макулдашуунун негизинде үй-бүлө кургандан кийин түзүлгөн жана жубайлардын мүлктүк мамилелерин жөнгө салат.

Жубайлар нике келишиминде өздөрүнүн укутарын, милдеттерин  кошконго укуктуу. Эгерде ортодо чогулткан же болбосо түзгөн менчик же мүлктү (ортолукта ишкерлик кылуу, бири-биринин кирешелерине катышууга, мүлктү аныктоого, башка жарандар менен мүлк келишимин түзүүгө) ажырашып кеткен учурда жубайларга, менчик же мүлктү аныктап бөлүп берүү келишимин нике келишимине киргизүү болуп саналат. Нике келишими жубайлардын иш-аракет кылууга жөндөмдүү же жөндөмдүүлүгүн чектебейт. Өз укуктары коргоо үчүн сотко кайрылуу, жубайлардын ортосундагы мүлктүк эмес мамилелерин өнгө салуу, балдарга карата жубайлардын укуктары жана милдеттери, эмгеке жөндөмсүз жардамга муктаж болгон жубайлардын укуктарын кароо, өтө жагымсыз абалда жубайлардын бирин үй-бүлөлүк мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеш үчүн, башка шарттарды түзүү.

Нотариалдык түрдө келишим түзүлүп, анын түзүлүшү боюнча токтотуу жана жараксыз деп табуу жөнүндө келишимдер, жарандык мыйзам менен жөнгө салынат

Нике бузулганда (ажырашуу)

Жубайлардын өз ара макулдашуусу менен, жашы жете элек өспүрүмдөрү жок болсо, ажырашуу жарандык абалды каттоо мекмелеринде жүргүзүлөт. Жашы жете элек өспүрүмдөрү бар экенине карабасатан, жубайлардын биринин арызынын негизинде жарандык абалды каттоо мекемеси, төмөнкү көрсөтүлгөн тизме боюнча ажырата алат, эгерде жубайлардын экинчиси:

- дайынсыз жок деп сот тараптан таанылган;

- психикалык жактан ооругандыгы тууралуу сот тараптан таанылган болсо (акылы кем);

- кылмыш жасагандыгы үчүн, 3 жылдан кем эмес мөөнөткө эркиндигинен ажыратылган болсо (43-бер, ӨР ҮК);

Жубайлардын ортосундагы балдар боюнча талаш-тартыш болсо, ортодо топтогон мүлкүн бөлүшө албаса же жардамга муктаж болгон жубайлардын бирине тиешелүү төлөм акы берилбесе ажырашуу сот аркылуу жүргүзүлөт.

Жубайлардын мындан ары үй-бүлөсүн сактоого мүмкүн эмес болуп калганда, сот тараптан ажыратылат.

Ажырашуу убагында сот аркылуу жашы жете элек өспүрүмдөрү кимисине калышы, канча өлчөмдө балдарга жардам төлөнөрү аныкталат же жубайлардын жалпы мүлкүн бөлүштүрөт. Жубайлардын ортосундагы макулдашуулар жок болгон учурда, ошондой эле макулдашуу болгон учурда балдардын жан жубайлардын биринин укуктарын коргоо үчүн сот төмөкү чечимдерди чыгарышка милдеттүү:

- жубайлар ажырашкандан кийин, балдары кимиси менен жашап калары тууралуу;

- жубайлардын ортосундагы балдарына жубайлардын кимисинен алимент төлөнөрү тууралуу;

- жубайлардын биринин талабы менен ортодогу жалпы мүлктү бөлүп берүү;

- жубайлардын биринин талабы менен жубайдын экинчисинен кандайдыр бир түзүм алууга укуктуу; 

Эгерде жубайлардын жалпы мүлкүнө үчүнчү жактардын үлүшү боло турган болсо, сот өзүнчө өндүрүшкө болгон талаптарды аныкташ керек. Сот нике тууралуу ишти кароодо, үйлөнүү үлпөт тойго кетирген чыгымдарды карабайт.

Никеге турганда жубайлардын бирөөсү фамилиясын өзгөрткөн болсо, ажырашкандан кийин, өзгөрткөн фамилияда калууга жана мурдагы фамилиясын алууга укуктуу.

Балдар тууралуу талаш-тартыштар

Сот практикасына ылайык, жубайлардын балдары тууралуу талаш-тартыш төмөнкү жактарды камтыйт:

- балдардын жашаган жери тууралуу талаш-тартыштар;

- жашы жете элек балдары боюнча алимент алуу;

- ажыратуу жана ата-энелик укуктарын чектөө;

Эгерде жубайлар бир пикирге келе турган болсо, кат жүзүндөатайын келишим түзүп, жашы жете элек балдарын жашаган жерин аныкташып алышат. Эгерде аталган келишими жок болсо, сот тараптан, төмөнкү жагдайлар аркылуу аныкталат:

- балдардын кимисине көбүрөөк көнгөндүгү (атасына же апасына) тууралуу;

- балдарынын жаш курагы;

-ар бир ата-эненин моралдык жана жеке сапаттарына, балдары менен болгон мамилесине карап;

- балдарды туура тарбиялоо жана өстүрүү, ошондой эле билим алуу үчүн шарттарды түзүп берүү;

- ар бир ата-эненин үй-бүлөлүк абалы;

Көбүнчө сот практикасында жаш бөбөктөр тартипке ылайык апасы менен калышат. Бирок бул соттун чечими менен толук эрезеге жеткиче апасы менен калууну түшүндүрбөйт. Үй-бүлөлүк абалынын өзгөрүшү толук ыктымал, ошол себептен баланын жашаган жери сот тараптан өзгөрүшү мүмкүн. Ушул себептерден улам, кайрадан балдардын жашаган жери, ата-энесинин биринин арызы менен аныкталат.

Жашаган жерине карабастан, балдар өз ата-энелери менен жана туугандары менен баарлашканга укуктуу. Балдары ата-энесинен өзүнчө жашаган учурда дагы ата-энесинин ар бири менен баарлашканга укуктуу. Ошондой эле ата-энеси башка мамлекеттерде жашаса дагы, балдары баарлашканга укуктуу. Балдар өзгөчө кырдаал учурда (камоого алынганда, камалганда, ооруканада дарыланып жатканда ж.б учурларда) өз ат-энелери жана туугандары менен мыйзамдын чегинде жолукканга укуктуу.

Баласынан бөлөк жашаган ата-энелер, балдары менен жолукканга, тарбиялоого, билим алууга жана муктаждыктарын чечкенге катышууга толук укуктуу.

Бала атасы же энеси менен жашаган учурда, баланын ден-соолугуна эч кандай физикалык жана психикалык жактан коркунуч болбосо ошондой эле адеп-ахлактык жактан калыптанышына зыян келтирбесе,  атасы же энеси баласы менен жолукканга эч кандай тоскоолдук көрсөтпөшү керек. Ата-энелер балдарынан бөлөк жашагандар, ата же энеси менен ата-энелердин укуктары тууралуу кат жүзүндө келишим түзүүгө укуктуу.

Эгерде ата-энеси бир пикирге келе албай жатышса, сот тарабынан камкордука алуу органынын катышуусу менен бала (экөөнүн бирөөсүнө) чечилет. Күнөөлүү атасы же энеси, соттун чечимин аткарбаса, мыйзам негизинде чара көрүлөт.

Бала менен чоң атасы, чоң энеси, байкелери, эжелери жана туугандары жолукканга укуктуу. Атасы же энеси тараптан баласынын жакын туугандары менен жолукканга тоскоолдук жаратса, балдарды камкордука алуу органы атасын же энесин тартипке чакырып, тоскоол кылбаганга жардам берет. Эгерде атасы же энеси камкордука алуу органынын талаптарын аткарбаса, жакын туугандары же аталган орган сотко тоскоолдуктарды жок кылуу боюнча кайрылса болот. Сот баланын оюу жана кызыкчылыктары менен таанышып, талаш-тартышты чечет. Сот тарабынан коюлган талаптарды атасы же энеси аткарбаса, ага мыйзам чегинде чара көрүлөт.  

 

 

 

 

ӨЗБЕКСТНАДАГЫ УКУКТУК ЖАРДАМ АЛУУ КЫЗМАТТАРЫ

Аталышы:                                                Телефондору:

Өрт өчүргүч кызматы                             101

Милиция                                                   102

Тез жардам                                                        103

 

Сурап билүү кызматы

«Сары барактар»                                             1059

 

 

ӨЗБЕКСТАНГА ТРАНСПОРТ ЖӨНҮНДӨ ЖАЛПЫ МААЛЫМАТ

Эгерде сиз Өзбекстан Республикасына өздүк авто унаа менен келсеңиз, жол эрежелери боюнча эч кандай кыйынчылык туудурбайт: Кыргыз Республикасынын жол эрежелери менен бирдей, автотранспорт жолдун оң жагы менен жүрөт. Өзбестан ичинде шаардан шааргачоң автобустар менен жана микроавтобустар менен жетүүгө болот. Жүргүнчү билеттерди автобекеттин кассаларынан алса болот жана түздөн-түз айдоочудан алганга мүмкүн. Көрсөтүлгөн тартипке ылайык, автобустар толук толгондо гана бир тараптан экинчи тарапка багыт алышат. Кичинекей автобустар бат толуп, ошондон улам бат катташат. Ошондой эле жүргүнчүлөр жеңил унаалар менен катташат, себеби жеңил унаада жүргүнчүлөр аз болот. Чоң туристик шаарлардын ичинде автобустар жана маршруттук таксилер бар. Эгерде сиз шаарды жөө айланып көргүңүз келсе, автобустун бекеттинен түшүп, өз ара айлансаңыз болот. Бирок жергиликтүү такси кызматтарынан пайдаланган ыңгайлуу. Таксилер ар бир шаарда көп, ал эми такси менен жүрүү акысы автобустарга карагнада бир аз кымбатыраак. Такси сизди алып барып эле койбостон, күтүп кайра таштап коет.  Баасы сүйлөшкөндүн негизинде төлөнөт.  Ташкент шаарында 3 бутак метро линиясы бар-Өзбекстан, Чиланзар жана Юнусабад. Иштөө тартиби Өзбекстан линиясы- таңкы 05.00 дон түнкү 12.00 го чейин, Чиланзар линиясы – таңкы 05.00дон түнкү 12.00 го чейин жана Юнусабад линиясы – таңкы 06.00 дон түнкү 23.00 го чейин иштейт. Жаңы келген конокторго метро менен жүрүү өтө ыңгайлуу: Ташкент шаарынын көрө турган эң кооз жерлери, ар бир метро бекеттеринин жанында жайгашкан. Өлкө ичинде авиа каттамдары абдан өнүккөн. Ташкен шаарынан баардык туристик борборлорго самалет менен учуп барганга шарт түзүлгөн: Наманганга, Бухарага, Хивага, Самаркандка, Навоиге жана башка шаарларга.

Эгерде сиз бир шаардан экинчи шаарга арзаныраак, бирок тезирээк баргыңыз келсе поезд менен темир жол аркылуу барңыз. Ташкент шаарынан темир жол багыттары боюнча: Ургенч, Бухара, Андижан жана Термезге темир жол аркылуу барса болот. Өзбекстан узунунан жайгашкандыгына байланыштуу, ушул багыттар жетиштүү. Акыркы жылдары темир жол паркы жаңыланып, жогорку ыңгайлуу шарттагы ылдамдыгы абдан тез сапттуу поездер пайда болду. 

 

 

ӨЗБЕКСТАНДЫН АЭРОПОРТТОРУ

Өлкөнүн ичиндеги шаарлардын ортосундагы жана чет өлкөлөргө жогорку ылдамдыктагы байланышты камсыз кеылган Өзбекстан аэропорт тармактары, мамлекеттин транспорт инфраструктурасынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

“Ташкент” Эл аралык аэропорту дүйнөнүн дээрлик бардык ири шаарлары менен аба жолдору аркылуу туташкан. “Ташкент” Эл аралык аэропортуэкинчи ИКАО категориясындагы болуп саналат жана баардык түрдөгү учактарды кабыл алат.

2001-жылы борбордук аба линияларын заманбап жабдуулары менен камсыз кылынып, жүргүнчүлөр терминалы толугу менен реконструкцияланып жогорку сапаттагы ыңгайлуу шарттар түзүлдү. Аэровакзалдын өткөрүү дарамети- саатына 1000 жүргүнчү өткөрүлөт. Ал эми жылына 2 млн. ашык жүргүнчүлөр кызматтардан пайдаланышат.

Андан тышкары аэровокзал комплекси өзүнчө терминал менен транзиттик жүргүнчүлөрдү жана ошондой эле кардарларды атайын тейлөө менен өткөрүш кызмат шарттары каралган.  Аэропорттун унаа коюу жайлары сарамжалдуу пайдаланып, күнү-түнү бекеттин аянтында ыңгайлуу токтотуучу жай шарттары түзүлгөн. Ошондой эле аэропоттон шаардын баардык жерине жеткирүү, шаардык транспорт маршруттары түзүлгөн.

Аэропорттун ичинде чет өлкөлөрдөн келген конокторго жана Өзбекстандын жарандарында томөнкү кызматтар көрсөтүлгөн:

-Көрктүү эмеректер менен жабдылган ыңгайлуу күтүү залы;

-күнү-түнү иштеген чек ара, бажы жана паспорт кызматтары;

- маалымат сурап билүү кызматы;

- жаңы конвейрлер, жүк ташуучу система;

- эл аралык телефон байланышы;

- билеттерди сатуу жана билеттерди кармап туруу кассасы;

- Duty-Free дүкөнү;

- ресторандар, барлар, тез татым пункту;

- акча алмаштыруу пункту;

- VIP залы (официалдуу делегацияны тейлөө залы);

- CIP залы (жогорку сапаттагы тейлөө залы).

Ал эми аэропорттун 3-кабатында «British Airways», «Asian Airways», «Аэрофлот» чет өлкөлүк авиакомпаниялардын өкүлчүлүктөрү жайгашкан.

Ошондой эле ички каттамдагы терминал дагы заманбап жана ыңгайлуу. Бул жактан Өзбекстандын эски шаарларына- Самарканд, Бухара, Хивага учуп, архитектуралык кооздуктарды жана областык борборлорду көрсөңүз болот.

Өзбекстандын башкы аэропортунда азыркы учурда 30 дан ашык авиакомпаниянын учактары жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрүнө кызмат көрсөтүшөт. Күнүнө 10 чакты учак борту, май куюшат. Келечекте “Ташкент” аэропорту Эл аралык ири транспорттук түйүн болуп,жүргүнчүлөрдү жана оор жүктөрдү   континенттер арлык каттамдарга жеткирүү иш аракеттери каралган. 

Улуттукавиакомпания «Узбекистонхавойуллари» нын тизмесине11 аэропорт кирет. Алардын ичинен алтысы– Ташкент, Самарканд, Бухара, Ургенч, Термез, Навои Эл аралык статусуна ээ.

Аэропорттордун аталышы:                    Телефоны:

«Ташкент» Эл аралык аэропорту          +998781402801 (02,03,04)

«Самарканд»Эл аралык аэропорту               +998 66 2323699, 2323627

«Бухара»  Эл аралык аэропорту           +998 65 2289109

«Ургенч» Эл аралык аэропорту           +998 62 2245950

«Навои» Эл аралык аэропорту             +998 79 5393540

«Термез»Эл аралык аэропорту             +998 76 2290044

Аэропорт «Наманган»                                    +998 69 2286890

Аэропорт «Андижан»                                     +998 74 2242744

Аэропорт «Фергана»                             +998 73 2416004

Аэропорт «Карши»                                +998 75 2285302

Аэропорт «Нукус»                                 +998 61 7800215

 

ӨЗБЕКСТАН ТЕМИР ЖОЛУ

 

2011-жылдан баштап «Afrosiyob» (Talgo Испания компаниясына таандык)Ташкент-Самарканд-Ташкент байланыштары боюнча каттам киргизилген. Азыркы учурда бир нече жогорку ылдамдыктагы «Afrosiyob» поезди Ташкент – Андижан, Андижан – Бухара, Андижан – Ургенч маршруттраы боюнча каттайт.

 

Шаарлардагы темир жол бекеттери:

Бухара                                                     +998 65 5247332

Ташкент                                                  +998 1005

Самарканд                                                       +998 95 5600142

Навои                                                       +998 79 2255907

Коканд                                                     +998 73 5431733

Андижан                                                  +998 74 2284285

Термез                                                      +998 76 2270386

Карши                                                     +998 75 2272465

Ургенч                                                     +998 62 2256111

Кунград                                                   +998 61 3122260

Нукус                                                       +998 61 2232958

Маргилан                                                +998 73 2375728

Наманган                                                +998 69 2334384