Маалыматтык билдирүү

5093

2020-жылдын 1-январынан 30-декабрга чейин мөөнөтү өтүп кеткен Кыргыз Республкасынын паспорттордун жана чет элдик жарандардын, жарандыгы жок жактардын каттоо мөөнөтү убактылуу узартылды

Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет элдик жарандардын жана жарандыгы жок жактардын мыйзамдуу укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо максатында, ошондой эле калктын саламаттыгын сактоо, Кыргыз Республиканын аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышын болтурбоо жана киргизилишин алдын алуу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу үчүн 2020-жылдын 19-майынан Кыргыз Республикасынын Өкмөттүн №256 токтому менен төмөнкү документтердин жарактуу мөөнөтүн убактылуу узартууга уруксат берилди:

- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 30-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2004-жылдын үлгүсүндөгү паспорту, 2020-жылдын 31-декабрына чейин;

- Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жүргөн же барган жарандар үчүн 2020-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 30-декабрына чейин колдонуу мөөнөтү бүткөн Кыргыз Республикасынын жаранынын 2006-жылдын үлгүсүндөгү жалпы жарандык паспорту 2020-жылдын 31-декабрына чейин, Кыргыз Республикасынын 16 жашка чыга элек жаранынын паспортунан тышкары;

- өзгөчө кырдаал жана/же өзгөчө абал режими киргизилген мезгилде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 19-декабрындагы №689 «Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкөлүк жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды каттоо маселелери жөнүндө» токтому менен белгиленген чет өлкөлүк жаранды же жарандыгы жок адамды каттоо же каттоону узартуу.

Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн болушун узартууну каалаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, Кыргыз Республикасынын аймагында же анын айрым жерлеринде өзгөчө кырдаал жана /же өзгөчө абал режими аяктаган күндөн тартып 10 иш күндүн ичинде каттоону узартууга милдуттүү.

Мөөнөтү узартылган паспортторду Кыргыз Республикасына кирүү (кайтып келүү) үчүн гана чет өлкөлүк мамлекеттик чек арадан өтүү максатында колдонууга болот.

Кыргыз Республикасынын паспортун узартуу муктаждыгы жаралса, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине  төмөнкү байланыштар менен кайрылууну сунуштайбыз: +998712398613.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK