Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушту

1262

2022-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташууну кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун жүрүшү жана бул жаатта кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча биргелешкен аракеттерди жигерлентүү зарылдыгы тууралуу пикир алмашышты.

Мындан тышкары, «Үч-Коргон-Дароот-Коргон» автожолунун курулушу, үчүнчү өлкөлөргө эл аралык жүк ташуу үчүн кошумча уруксат бланктарын алмашуу, жайкы туристтик сезонго «Ташкент-Каракол-Ташкент» эл аралык автобус каттамын ачуу, «Ташкент-Балыкчы» маршруту боюнча темир жол жана «Ташкент-Тамчы-Ташкент» чартердик авиакаттамдарын, ошондой эле «Ош-Андижан», «Кызыл-Кыя-Фергана» багыты боюнча туруктуу автобус каттамдарын жандандырууну ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Элчи М.Джаманбаев ошондой эле «Ош-Ташкент-Ош» багыты боюнча аба каттамдарын ачуу жана «Самарканд-Тамчы-Самарканд» багыттары боюнча жаңы каттамдарды уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

  • 2022-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын транспорт министри Илхом Махкамов менен жолугушуп, анын жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы транспорттук-логистикалык кызматташууну кеңейтүүнүн актуалдуу маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK