Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан Бангладеш Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джахангир Алам менен жолугушуусу болуп өттү

3217

2021-жылдын 26-январында бенгалия тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан Бангладеш Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джахангир Алам менен жолугушуусу болуп өттү.

Болуп өткөн сылык сапардын жүрүшүндө элчилер кыргыз-бангладеш мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты, ошондой эле эки тараптуу соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү менен соода-экономикалык жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле текстиль өнөр жайы, туризм жана айыл чарбасында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Тараптар маданият жана билим берүү жаатында, айрыкча эки өлкөнүн боордош шаарларынын алкагында өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү зарылдыгын белгилешти. Тараптар аталган багыттар боюнча конкреттүү долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдиришти.

Ибрагим Жунусов Джахангир Аламды кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады, ошол эле учурда биздин өлкөлөрдүн ортосундагы көп кырдуу байланыштарды өнүктүрүүнүн жана чыңдоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Джахангир Алам Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Президентинин шайлоосун жана референдумду ийгиликтүү өткөзүүсү менен куттуктап, ошол эле учурда Бангладеш Кыргызстан менен кызматташууну мындан ары чыңдоого өзгөчө маани берээрин баса белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки тарапты кызыктырган башка маселелер дагы каралды.

  • 2021-жылдын 26-январында бенгалия тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун резиденциясы Ташкент шаарында жайгашкан Бангладеш Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Джахангир Алам менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK