Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Улукбек Мариповду Кыргыз Республикасынын Премьер-министри кызматына дайындалышы менен куттуктады

3888

Өзбекстан Республикасынын Премьер-министри Абдулла Арипов Улукбек Мариповго Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматына дайындалышына байланыштуу куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

Абдулла Арипов эки өлкө бакубаттуулугу үчүн көптөгөн багыттар боюнча өз-ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана чыңдоого ишенимин билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн башчысы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Улукбек Мариповго ден-соолук, бакубаттуулук жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндөгү ийгиликтерди каалады.

Булак: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK