Алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча 28 -ноябр 2021 -жыл

2732

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29 -августундагы № 370 Жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо 2021 -жылдын 28 –ноябрына белгиленди, жекшембиге.

Сиздердин шайлоо укуктарыңызды ишке ашыруу үчүн, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасында Элчилигининде - № 9025 УШК шайлоо участогу бекитилди.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана чет өлкөлөрдө консулдук каттоодо турган жарандар тиешелүү участокто шайлоочулардын тизмесине автоматтык түрдө кошулат.

Консулдук каттоодо турбаган жана биометрикалык маалыматтарын тапшырбаган шайлоочулар, Элчиликтин дарегине иш күндөрүндө саат 9:30 – 17:00 чейин добуш берүү үчүн арыз менен кайрылууга укугу бар. 

Ошондой эле, арыз түшкөн учурда шайлоочуну Элчилик убактылуу консулдук каттоого турган жарандын негизинде каттайт. Мындай каттоо шайлоочунун арызында көрсөтүлгөн мөөнөтекө ишке ашырылат. Бул иш чараны 2021-жылдын 16-ноябрына чейин аткаруу зарыл.

Кыргыз Республикасынын жарандарында шайлоо укугун ишке ашыруу жөнүндө суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине төмөнкү байланыштар менен кайрылууну сунуштайбыз: +998909012982, тексттик билдирүүлөр үчүн +998909012982 «Telegram» жана +996550978558 «WhatsApp». Жумуш телефону: +998712398613.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK