2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо

3507

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо күнү күнү болуп белгиленген.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинде № 9025 шайлоо участогу уюштурулган.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын жакынкы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө же консулдук мекемесинде консулдук каттоодо турган жана биометрикалык маалыматтарын берген жарандар тийиштүү участоктогу шайлоочулардын тизмесине киргизилет.

Шайлоочулар www.tizme.gov.kg сайтындагы же “Тизме” мамлекеттик порталындагы шайлоо участкаларынын тизмесинен өздөрүн текшерип алышы керек.

Ташкент шаарындагы № 9025 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине кирбей калган учурда жаран Элчиликке келип, өздүгүн тастыктаган документтерин – жалпы жарандык (чет элдик) паспортун же КР жаранынын паспортун (ички паспорт - ID-карта) көрсөтүп, инсандыгын идентификациялоодон өтүүсү керек. Мындан соң жаранды Ташкент шаарындагы № 9025 шайлоо участкасынын шайлоочуларынын тизмесине киргизүү үчүн маалымат БШКга жөнөтүлөт.

Шайлоочулардын акыркы тизмеси 2021-жылдын 18-ноябрында «Тизме» порталында тʏзʏлөт жана жайгаштырылат, 2021-жылдын 21-ноябрында Участкалык шайлоо комиссиясында илинет.

2021-жылдын 28-ноябрында – Шайлоо кʏнʏ - Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун (ID-картаны) же Кыргыз Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун ала келʏʏ керек. Кыргыз Республикасынын жарандарын Ташкенттеги № 9025 шайлоо участкасындагы 2021-жылдын 28-ноябрында саат 08:00 тартып 20:00 чейин боло турган шайлоого катышууга жана жарандык активдʏʏ позицияны көрсөтʏʏгө чакырабыз.

Кыргыз Республикасынын жарандарында шайлоо укугун ишке ашыруу жөнүндө суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине төмөнкү байланыштар менен кайрылууну сунуштайбыз: +998909012982, тексттик билдирүүлөр үчүн +998909012982 «Telegram» жана +996550978558 «WhatsApp». Жумуш телефону: +998712398613.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK