Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев ШКУнун Регионалдык антитеррордук структурасынын Аткаруу комитетинин директору Руслан Мирзаев менен жолугушту

1390

2022-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев Шанхай Кызматташтык Уюмунун Регионалдык антитеррордук структурасынын (РАТС) Аткаруу комитетинин директору Руслан Мирзаев менен жолугушту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө актуалдуу эл аралык маселелер жана аймактагы кырдаал, ошондой эле ШКУга мүчө-мамлекеттердин региондун көйгөйлөрүн чечүүдө өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу чаралары боюнча кылдат пикир алмашуу болду.  

М.Джаманбаев ШКУнун РАТС Аткаруу комитетинин потенциалын жана беделин чыңдоого салым кошууга толук даяр экендигин билдирди. ШКУнун алкагында кызматташуу Кыргыз Республикасынын көп тараптуу дипломатиясынын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат жана ал өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарына жооп берет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK