Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси М.Джаманбаев "ЖИА" бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү менен жолугушту

1458

2022-жылдын 28-30-сентябрында Ташкент шаарында "ЖИА" бизнес-ассоциациясынын кыргыз ишкерлеринин делегациясы бизнес-тур менен болду.

Бизнес-турдун алкагында 2022-жылдын 30 сентябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М. Джаманбаев  аталган кыргыз ишкерлер менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи М. Джаманбаев Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда  эки тараптуу кызматташтыктын жемиштүү өнүгүшү, Өзбекстандын жогорку жетекчилигинин Кыргызстанга боло турган расмий сапары, эки өлкө ортосунда бизнес-форум өткөрүү, соода-экономикалык чөйрөдө өз ара аракеттенүүнүн келечектүү багыттары, Элчиликтин соода-экономикалык кызматташтык жана экспорттук потенциалын Кыргызстандан Өзбекстанга илгерилетүү жаатындагы максаттары жөнүндө кеңири маалымат берди.

Өзбекстандын ишкер чөйрөсү менен өз ара аракеттенүүдө практикалык сунуштар берилди. Ошондой эле ишкердик ишкердик өз ара аракеттенүү маселелери боюнча ой-пикир алмашуу болуп өттү жана ишкерлердин ишкердик кызматташтыкты активдештирүү жана кеңейтүү боюнча сунуштары угулду.

Элчилик мындан ары потенциалдуу өнөктөштөрдү издөөгө, мүмкүн болгон экспорттук продукцияларды илгерилетүүгө, Өзбекстанда жүргүзүлүп жаткан ишкердик иш-чаралар жөнүндө кыргыз бизнес-чөйрөсүнө маалымдоого максималдуу көмөк көрсөтүүгө ишендирди.

  • 2022-жылдын 28-30-сентябрында Ташкент шаарында
  • 2022-жылдын 28-30-сентябрында Ташкент шаарында
  • 2022-жылдын 28-30-сентябрында Ташкент шаарында

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK