Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын Жогорку жана орто атайын билим берүү министри Абдукодир Тошкулов менен жолугушту

1442

2022-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Жогорку жана орто атайын билим берүү министри Абдукодир Тошкулов менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы жогорку билим берүү тармагындагы кызматташтыктын учурдагы абалын, ошондой эле кеңейтүү перспективаларын талкуулашты.

Атап айтканда, Элчи М. Джаманбаев билим берүү тармагындагы өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасын, бул багыттагы мыйзамдык базанын акырындык менен кеңейип жатканын жана Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш аймактарынын ортосундагы активдүү жогорку окуу жайлар аралык байланыштарды белгиледи.

Билим берүү тармагындагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн алкагында Элчи М. Джаманбаев Кыргызстанда биргелешкен кыргыз-өзбек университетин ачуу боюнча практикалык чараларды көрүүнү, бүтүрүүчүлөр арасында студенттерди тартуу боюнча ар кандай иш-чараларды өткөрүү, ректорлордун, окутуучулардын жана студенттердин ортосундагы алмашууну, ошондой эле эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосунда түздөн-түз байланыштарды кеңейтүү үчүн өз ара шарттарды түзүүнү сунуштады.

Өзбекстан Республикасынын Жогорку жана орто атайын билим берүү министри А.Тошкулов, өз кезегинде, Өзбекстандын жогорку билим берүү чөйрөсүндөгү өнүгүүсү боюнча кыскача маалымат берип, Кыргызстан жана Өзбекстанда билим алууга жаштардын өз ара кызыгуусун белгиледи, ошондой эле Кыргызстандык студенттер үчүн Өзбекстандын ЖОЖдорунда гранттык орундарды берүү жана эки өлкөнүн ЖОЖдор аралык кызматташуусун өнүктүрүү алкагында тыгыз кызматташууга даярдыгын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар 2023-жылы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына карата Билим берүү форумун өткөрүү боюнча да макулдашууга жетишишти.

  • 2022-жылдын 11-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Жогорку жана орто атайын билим берүү министри Абдукодир Тошкулов менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK