Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын ири компанияларынын бири - "АГРОВЕР" картошка агроөнөр жай кластерине барды

1231

2022-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын ири компанияларынын бири - "АГРОВЕР" картошка агроөнөр жай кластерине барды.

Элчи компаниянын ишмердүүлүгү, өндүрүш процесси, эмгекти уюштуруу, картошканы кайра иштетүү боюнча сактоо шарттары жана ишке ашырылып жаткан долбоорлору менен таанышты.

Сапардын жыйынтыгы боюнча компаниянын жетекчилиги менен жолугушуу болуп, Элчи Кыргызстандан картошканы экспорттоо мүмкүнчүлүгүн белгилеп, кыргыз картошка өндүрүүчүлөрүнүн "Агровер" компаниясы менен кызматташуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну жана Кыргыз Республикасынын аймагында биргелешкен өндүрүштү түзүүнү сунуш кылды.

Жолугушууда ошондой эле Өзбекстандын аймагында Кыргыз картошкасын сатуу рынокторун кеңейтүү жолдору талкууланды.

Жолугушуунун алкагында аталган ишкана үрөн картошкасын өстүрүү жана Кыргызстандын кызыкдар ишкерлери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү боюнча кызматташууга даяр экендиги белгиленди. Мында өз ара аракеттенүү маселелери боюнча бирдиктүү Кыргыз операторун аныктоосу сунушталды.

Элчилик тарабынан Кыргыз Республикасынан Өзбекстан Республикасына картошка жеткирүүнү иштеп чыгуу жана андан аркы кызматташуу максатында Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин аянтчасында жолугушууну уюштуруу сунушталды.

  • 2022-жылдын 9-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Жаманбаев Өзбекстандын ири компанияларынын бири -

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK