Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси М.Жаманбаев Өзбекстандын Премьер-министрдин орун басары - инвестициялар жана тышкы соода министри Ж.Ходжаев менен жолугушту

1170

2022-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси М.Жаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрдин орун басары - инвестициялар жана тышкы соода министри Ж.Ходжаев менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Өзбекстан Республикасынын Президенти Ш.Мирзиеевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында соода-экономикалык чөйрөдөгү кыргыз-өзбек кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Ошондой эле өнөр жай кооперациясынын жаңы келечектүү биргелешкен инвестициялык долбоорлорун иштеп чыгуу үчүн Өзбекстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары – инвестициялар жана тышкы соода министри Ж.Ходжаев жетектеген өзбек делегациясынын Кыргызстанга иш сапарын пландаштыруу боюнча пикир алмашылды.

Тараптар ошондой эле эки тараптуу кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 11-отурумун жана эки өлкөнүн региондорунун башчыларын тартуу менен бизнес-форумдун өткөрүү маселелерин талкуулашты, Өзбек-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү жана учурдагы долбоорлорду ишке ашыруу каралды. Гидроэнергетика жана транспорт-логистика тармагындагы ири биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча актуалдуу маселелер өзгөчө белгиленди. Ошондой эле Кыргызстандын түштүгүндө айыл чарба кластерлерин түзүү, Кыргызстандан сүт, эт жана тери продукциясын, ири мүйүздүү малды жана картошканы экспорттоо маселелерине көңүл бурулду.

Элчи тарабынан бир катар демилгелер сунушталды, атап айтканда эки өлкөнүн борборлорунда Соода үйлөрүн өз ара ачуу жана мындан ары аймактарда кеңейүү мүмкүнчүлүгү белгиленди. Өзбек тарап бул маселе боюнча түшүнүк жана колдоо билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуунун бардык маселелерин ар тараптуу жана предметтик талкуулоо, ошондой эле учурдагы жана келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу үчүн профилдик ведомстволордун катышуусу менен жумушчу топтун биргелешкен ишин улантуу жөнүндө принципиалдуу макулдашууга жетишилди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрдин орун басары - инвестициялар жана тышкы соода министри Ж.Ходжаев Министрликтин атынан Элчилик менен жемиштүү иштешүүгө жана жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча биргелешкен ишти улантууга жигердүү күч-аракет жумшоого даяр экендигин билдирди.

  • 2022-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси М.Жаманбаевдин Өзбекстан Республикасынын Премьер-министрдин орун басары - инвестициялар жана тышкы соода министри Ж.Ходжаев менен жолугушуусу болуп өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK