Маалыматтык билдирүү

5346

Коронавирус боюнча эпидемиологиялык абалга байланыштуу, Элчилик Өзбекстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын жарандарына кырдаал турукташканга чейин Кыргыз Республикасына чыкпай турууну сунуштайт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасына кайтуу үчүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынан өтүүгө чектөөлөр жок.

Ошол эле учурда, жер транспорту менен Казахстан аймагы аркылуу Кыргыз Республикасына кайтууну пландаштыргандарга, Казахстан Республикасында 2020-жылдын 15-апрелине чейин өзгөчө кырдаал жана чет элдик жарандардын кирүүсүнө чектөөлөр киргизилгендигине байланыштуу анын аймагынан транзиттик өтүүгө тыюу салынгандыгын билдиребиз.

Кыргыз Республикасынын жарандарында суроолор жаралса, Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Элчилигинин жооптуу кызматкерине күнү-түнкү режимде кайрылуу үчүн байланыштар: +998 90 9012982,  тексттик билдирүүлөр үчүн +998 90 9012982 «Telegram» жана +996550978558 «WhatsApp». Жумуш телефону: +998 71 2398613.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK