Өзбекстан Республикасынын коронавируска каршы күрөшүү боюнча Атайын республикалык комиссиясынын кошумча чечимдери жөнүндө

4404

2020-жылдын 5-сентябрынан кийин Өзбекстандын бардык облустарында жана шаарларында төмөнкү чектөөлөр сакталат:

  • коомдук жайларда жарандардын социалдык аралыгын (2 метр) сактоо, медициналык масканы кийүү, санитардык талаптарды бузган учурда жарандарга карата каттуу чаралардын көрүлүшү (айып пул салуу);
  • дене табы 37 градустан жогору же инфекция белгилери бар жарандардын коомдук жайларга киргизбөө;
  • коомдук иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салуу;
  • банкет залдарынын, түнкү клубдардын, дискотекалардын, спа-массаж салондорунун, караоке, бильярд бөлмөлөрүнүн, кальян-барлардын жана компьютердик оюндар борборлорунун ишине тыюу салуу;
  • санитардык-гигиеналык талаптарды так сактоо менен үйдө жана жарандардын короосунда үй-бүлөлүк иш-чараларды, үйлөнүү үлпөттөрүн, эскерүү иш-чараларын жана жарандардын короосунда 30 адамдан ашпаган өлчөмдө (облустун аймагында жашаган жакын туугандары жана башка туугандары гана) өткөрүү;
  • 65 жаштан жогорку жарандарга жана өнөкөт оорулары бар адамдарга «өзүн изоляциялоо» жашоо образын жүргүзүү жана алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү сунушталат.

Элчилик Өзбекстан Республикасынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын жарандарын өлкөдө кабыл алынган бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого үндөйт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK