КРнын дипломатиялык кызматкерлер Күнү жөнүндө

         Жыл сайын, 24 октябрда, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкер Күнү белгиленет. Бул майрам күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 21-октябрындагы № 689чу Токтомунун негизинде аныкталган. Ал эми, октябр айынын 24-тү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУнун) Бүткүл дүйнөлүк күнүнө туура келтирилген.
Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкер Күнү майрамы өлкөбүздүн тышкы саясат жана тышкы экономикалык багытындагы максаттарды жүзөгө ашырууда дипломатиялык кызматтын кызматчыларынын маанилүү ролун баса белгилөө үчүн аныкталган.
     Кыргызстандын дипломатиялык кызматкерлерине өлкөбүздүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада татыктуу коргоп-көрсөтүү боюнча эң чоң жоопкерчилик жүктөлгөн. Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматкер Күнүнө арналган иш-чараларга, адаттагыдай, дипломатиялык кызматтын кызматчыларын жер-жерлерде куттуктоо каадалары, жана ошондой эле, өзгөчө эмгеги менен айырмаланган кызматкерлерге сыйлык берүү аземдери кирет.