2019 жылдын 12 апрелинде Корея Республикасынын соода Министри Ю Мюн Хи айымдын Сеул шаарында аккредитацияланган Элчилердин айымдар уюмунун мʏчɵлɵрʏ, тактап айтканда Индия, Бангладеш, Кыргызстан, Греция, Гана, Руанда, Танзания жана Фиджи мамлекеттеринин Элчилери менен жолугушуусу болду.

Кыргызстандан Элчи Динара Кемелова катышты. Жолугушуу учурунда жогоруда аталган мамлекеттер менен Корея Республикасынын ортосундагы сооданы жеңилдетʏʏ маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Элчиси Д.Кемелова эки мамлекеттин ортосундагы соода жʏгʏртʏʏнʏн кɵлɵмʏнʏн тɵмɵндʏгʏнɵ кɵңʏл буруп, Кыргызстандын экспорттоо мʏмкʏнчʏлʏктɵрʏн, ɵзгɵчɵ экологиялык таза продукцияны – бал, мɵмɵ-жемиштер жана жашылчаларды экспорттоого болорун айтты.

Тʏштʏк Кореянын соода Министри Кыргызстан мʏчɵ болгон Евроазиялык экономикалык уюм (ЕАЭС) менен Корея Республикасынын ортосундагы эркин соода келишимине колдоо кɵрсɵтʏʏ маанилʏʏ экенин белгиледи.

Жолугушуунун катышуучулары соода-экономикалык кызматташтык тармагындагы маселелерди алгы жылдырууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK