Кытай Эл Республикасынын Санья шаарында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 41-сессиясы өткөрүлдү
2019-жылдын 25 – 30 ноябрында Кытай Эл Республикасынын Санья шаарында Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 41-сессиясы өткөрүлдү.
Биргелешкен көзөмөлдөө тобу (БКТ) Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын, Россия Федерациясынын, Таджикистан Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы “1996-жылдын 26 апрелиндеги чек ара аймагында аскер жаатындагы ишенимди бекемдөө” жана «1999-жылдын 24-апрелде чек ара райондорунда куралдуу күчтөрдү өз ара кыскартуу тууралуу» келишимдерге ылайык 1999-жылы түзүлгөн.
Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун 41-сессиясында Биргелешкен тараптан (Казахстан, Кыргызстан, Россия жана Таджикистан), уюмдун регламентине ылайык, Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи – Министрдин кеңешчиси Б.Э. Сыргабаевтин председателдиги астында өткөрүлдү.
БКТнын 41-сессиясында мүчөлөрүнүн делегациялар жогоруда аталган документтердин аткарылышын, ошондой эле уюмдун география чегинде 2019-жылдын инспекциялоонун жыйынтыгын карап чыгышты жана 2020-жылдын инспекциялоонун планын белгилеп койду.
Отурумдун жыйынтыгы боюнча Биргелешкен Тараптын (Казахстан, Кыргызстан, Россия жана Таджикистан) Протоколуна кол коюлду, ошондой эле Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун (Казахстан, Кыргызстан, Россия, Таджикистан жана Кытай) 41-сессиясынын Протоколуна кол коюлду.
Уюмдун регламентине ылайык, 2020-жылдын Биргелешкен көзөмөлдөө тобунун председателдиги Россия Федерациясына тапшырылды.