2020-жылдын 11-январындагы Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы консулдук ишмердүүлүгү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин  Консулдук кызматы тарабынан Кыгызстандын жарандары менен жүргүзүлгөн ишмердүүлүгү туралуу суроолорго байланыштуу, дипломатиялык өкүлчүлүк Элчиликтин ишмердүүлүгүнүн негизги жана артыкчылыктуу иши КРнын жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоодо аларга сапаттуу, ыкчам жана практикалык жардам көргөзүү  болуп саналат деп белгилейт.

Элчиликтин Консулдук бөлүмүнө ай сайын 4 миңден ашуун жаран кайрылат, башкача айтканда, 2019-жыл ичинде 48 миңден ашуун жаран кайрылган. Акыркы жылы мүмкүчүлүктөргө жараша Элчилик тарабынан кайрылган жарандар үчүн тийиштүү шарттар/ыңгайлуулуктар түзүлүүдө, кошумча автоматтыштырылган маалыматтык системалар (АИС), үн кошо жаздыруучу видео камералар орнотулду, консулдук бөлүмдүн кабинеттери жаңыланып, жабдылды, жарандарды кабыл алуучу залда “эне жана бала” бурчу жабдылды. Үстүбүздөгү жылдын январь айында биздин жарандарыбыз консул менен алдын ала макулдашып, келе турган күнүн дайындап алууга мүмкүнчүлүк берүүчү электрондук кезек системасы ишке киргизилет.

2019-жыл ичинде Элчилик тарабынан 23199 жаранга консулдук кызмат көрсөтүлдү, бул 2018-жылга караганда 30%га көп. Тактап айтканда, КРнын жалпы жарандык паспортун алууга 4 453 арыз кабыл алынып, 785 жаранга жеке идентификациялык номери таризделди, чет өлкөлүк 34 жаранга виза таризделди, 12 797 жаранга КРна кайтууга күбөлүк берилген, КРнын жарандыгынан чыгаруу өтүнүчү менен 258 адам кайрылган, КРнын жарандыгына таандык же таандык эместигин аныктоо боюнча 161 арыз кабыл алынган, туруктуу консулдук каттоого коюу арызы менен 666 КРнын жараны, ал эми убактылуу консулдук каттоого – 3 762 адам кайрылган, 181 нотариалдык иштер жасалып,  КРнын жарандыгын тандоосуна ата-энесинин макулдугу берүү үчүн 3 жаран кабыл алынса, 77 документ мыйзамдаштырылган.

2019-жылы кыргыз жарандары катышкан окуяларды жеринде иликтөө, жарандарга укуктук көмөк көрсөтүү максатында  Россиянын тергөө, түзөтүү органдарына, сот инстанцияларында, аэропорт, оорукана, өлүккана, жумуш орундарына консулдук кызматкерлеринин 360 чыгуулар катталган.

РФнын ИИМнин Федералдык миграция кызматынын Москва шаары боюнча Башкармалыгынын Сахарово айылында жайгашкан чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу Борборуна ал жерде кармалып жаткан Кыргызстандын жарандары менен жолугушуу, алардын кармоо шарттары менен таанышуу, документтештирүү жагынан жардам берүү максатында үзгүлтүксүз барып келишет. 2019-жылы Элчилик консулдук жыйым төлөй албаган 390 жаранга Мекенине кайтуу күбөлүгүн бекер жасап берген. Жыл ичинде 541 КРнын жараны катталып, анын баары мекенине кайтарылды.

Элчиликтин көмөгү менен ата-энесинин багуусуз калган 14 жашы жете элек бала Кыргызстанга жөнөтүлдү.

КРнын жарандарынын ичинде Москва шаарында белгилүү жашай турган жери, иши жок жарандардын кайрылууларынын саны көбөйүүдө. 2019-жылы Элчилик диаспоралык бирикмелер менен биргеликте мындай 14 адамды мекенине жөнөттү.

Мындан сырткары, консулдук кызматтын ишинин натыйжасында КРнын жарандарына 3 317 500 рубль көлөмүндө компенсация төлөнүп берилди, анын ичинде эки жол кырсыгы, алты өндүрүштө алган жаракаты үчүн жана эки жаранга кол салуулар үчүн компенсациялар.

КРнын жарандарын “кара тизмеден” чыгаруу  боюнча жасалган аракеттер Элчилик тарабынан дагы улантылууда. Россия тарабынын  КРнын жарандарына карата “миграциялык мунапыс” жарыялоо тууралуу саясий чечим кабыл алынгандыгына байланыштуу 2017 – жылдан  2019 – жылга чейинки мезгилде  “кара тизмедеги” жарандардын саны 42 000 миңге кыскарган.

2019-жылы Россиядагы кыргызстандык жарандардын диаспоралык коомдук уюмдары менен өз ара иш алып баруу иштери күчөтүлдү. Жыл ичинде  кыргыз диаспорасы менен 153  жолугушуу, иш-чаралар өткөрүлдү. Бул багыттан алганда белгилей кетчү нерсе Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 28 жылдыгына карата өткөрүлгөн масштабдуу иш-чара болду. Иш-чарага Москва шаарынын «Кузьминки-Люблино»  музейдик-эс алуу мекемесинин администрациясынын маалыматына ылайык иш-чарага  50 миңден ашуун адам катышкан.

Ошондой эле КРнын жарандарынын, айрыкча жаштардын арасында түшүндүрмө иштерин алып баруу максатында кыргыз ресторан, кафе, спорт клубдарына, жана башка кыргыз жарандары көп топтолуучу мекемелерге  Элчиликтин кызматкерлеринин үзгүлтүксүз чыгуулары ишке ашты.

Элчиликтин КРнын ИИМнин, Миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүктөрү, кыргыз диаспоралык уюмдары мененар кандай себептерден Россияда каза болгон мекендештерибиздин сөөгүн Мекенине жөнөтүү боюнча иш алып баруусун белгилөөгө болот. Элчилик тарабынан консультативдик, укуктук жана практикалык жардам көрсөтүү менен 140 “Жүк 200” жөнөтүлдү.

КРнын жарандарынын укук жана кызыкчылыктарын коргоо багытында консулдук иштерди күчөтүү максатында Россиянын аймактары боюнча 19 чыгуулар ишке ашты (Астрахань, Ростов - на - Дону, Пермь, Самара, Владивосток, Южно-Сахалинск, Якутск, Иркутск, Новосибирск, Сургут, Уфа, Казань, Саратов, Краснодар, Оренбург шаарлары), булардын жүрүшүндө ар бир аталган аймактагы кыргызстандыктар менен жолугушуулар өткөрүлгөн.

КРнын ИИМнин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте издөөдө катталган жарандарды иликтөө, РФнын аймагында КРнын ар кандай документтерин жасалма жол менен даярдап жаткан фактыларды жок кылуу багытында ырааттуу иштер жасалды.

РФнын түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жатышкан КРнын жарандарын эсепке алуу иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүүдө. 2019-жылдын 31-декабрына карата Россияда  1405 КРнын жараны жазасын  өтөп жатышат. Мында көпчүлүгү (98%) өз мекендештерине карата жасаган кылмыштары  үчүн өтөп жатышат.

2019-жылы Элчиликте www.elchi.ru сайты аркылуу он-лайн консультация («живосайт») берүү практикасы ишке киргизилди.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрында Россия Федерациясынын аймагында эмгектенип жатышкан мекендештерибиздин катышкан окуялар боюнча ыкчам аракеттерди көрүү, алардын кайрылуу, арыздарына жооп берүү максатында «Биримдик» Whats App тайпасы ачылып, курамына Элчиликтин, КРнын Миграция кызматынын жана ИИМнин Россиядагы  Өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлеринен, Россия аймагындагы кыргыз диаспораларынын жетекчилери, активисттеринен туран 140 катышуучу кирип, бүгүнкү күнү активдүү иштөөдө.

2019 – жылдын май айынан тартып Элчиликтин көмөгү менен Москва шаарында КТРКнын корреспонденттик корпусу иш алып баруу менен, Россия жергесиндеги кыргызстандык эмгек мигранттардын, кыргыз диаспорасынын  ишмердүүлүгү, актуалдуу маселелери, жетишкендиктери үзгүлтүксүз чагылдырылууда.

Мекендештерибиздин социалдык тармактарда активдүүлүгүн эске алуу менен, РФнын жана КРнын ЖМКда биздин жарандарга тиешелүү бардык материалдар көзөмөлгө алынып, аларга карата тиешелүү ыкчам түрдө көңүл буруу жана Элчиликтин веб-сайтында социалдык тармактардагы баракчаларында, топторунда тийиштүү жооп таратуу иштери күчөтүлдү.

майрам жана эс алуу күндөрү Элчиликтин кабылдамасында 1 дипломат жана консулдук бөлүмүндө 1 консул, 1 юрист дежурлукта туруусу уюштурулган, ошондой эле “ыкчам байланыш” телефону да иштей тургандыгын жарандарыбыздын эсине сала кетебиз.

Ошону менен бирге Элчилик жарандардын укук жана кызыкчылыктарын коргоо тармагындагы маселелердин жана кемчиликтерди жоюунун үстүндө иштеп жаткандыгын жана ишин жакшыртып жаткандыгын белгилеп кетебиз.

Адам факторуна, юрист жана кызматкерлердин жетишсиздигине (2019-жылы консулдук кызмат 30% көбөйүүсү), техникалык жактан жеткиликтүү эмес деңгээлде жабдылганына карабастан, Элчилик өз ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу боюнча чараларды үзгүлтүксүз көрүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK