Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Режеп Шекер менен жолугушту

2020-жылдын 16-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Омуралиев Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Режеп Шекер менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын эки тараптуу экономикалык жана парламенттер аралык кызматташуусунун маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле 2020-жылдын 18-21-январында Түркиянын Караман шаарында Кыргызстандан 20 ашык бизнесмендердин жана жергиликтүү бийликтердин жетекчилеринин катышуусу менен боло турган Бизнести өнүктүрүү боюнча форумдун уюштуруу маселелерин талкуулашты.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK