КР ТИМинин 2022-жылдын 19-апрелине карата билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 19-апрелинде Кабул шаарындагы Абдул Рахим Шахид орто мектебинин окуучуларынын арасында адам курмандыктарына алып келген террордук актыларын айыптайт.

Министрлик курман болгондордун туугандарына жана жакындарына терең көңүл айтат жана ыйык Рамазан айында жасалган бул адамгерчиликсиз теракттардан жабыркагандардын баарына тез арада сакайып кетишин каалайт.