Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Арипов Назарали Турдалиевич менен Алматы шаарынын акими Сагинтаев Бакытжан Абдировичтин жолугушуусу

2021-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Арипов Назарали Турдалиевич менен Алматы шаарынын акими Сагинтаев Бакытжан Абдировичтин жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Казакстанды эзелтеден жанаша жашап келген эки элдин көп кылымдык достугу жана бир туугандык мамилелери байланыштырып турганын баса белгилешти. Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы мамилелер бир туугандык достуктун жана өлкөлөрүбүздүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыктын принциптерине негизделген. Эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын бардык маселелери боюнча бир тууган мамлекеттердин ортосунда өз ара түшүнүшүү бар.

Тараптар ошондой эле Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбасы Нурсултан Назарбаевдин ишенимдүү, чыныгы бир туугандык мамилелерди куруудагы тарыхый ролун белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле соода-экономикалык, илимий-техникалык, маданий жана башка тармактарда кызматташуу маселелерин талкуулашты. Мындан ары кызматташуу жана достукту чыңдоо максатында Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Н.Арипов Ош жана Алматы шаарларынын ортосунда боордоштук мамилелерди түзүү, ошондой эле кыргыз-казак достугунун күнүн уюштуруу демилгесин көтөрдү.

Жолугушуу достуктун жана өз ара тушунушуунун кырдаалында өттү.

  • Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулу Арипов Назарали Турдалиевич менен Алматы шаарынын акими Сагинтаев Бакытжан Абдировичтин жолугушуусу

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK