Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2021-жылдын 19-майындагы маалыматтык билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Палестина аймактарындагы кырдаалдын акыркы бир нече күндө курчуп кеткендигин жана анын жүрүшүндө тараптардын ракеталык соккулар менен өз ара алмашуусу көптөгөн курмандыктарга алып келип, эки тараптан тең жүздөгөн адамдар жабыркагандыгын терең тынчсыздануу менен кабыл алат.

Тышкы иштер министрлиги тараптарды этияттык менен иш алып барууга жана баарынан мурда жапа чегип жаткан бейкүнөө жарандарга карата ар кандай куралдуу зомбулукту токтотууга чакырат.

Тышкы иштер министрлиги көп жылдан бери созулуп келе жаткан Палестина-Израиль кризисин куралдын күчү менен эмес, сүйлөшүү жолу менен гана тынчтыкка жетишүүгө жана жөнгө салууга болот деген терең ишенимин билдирет. Эки эл тең ыйык туткан жерлерди сыйлоо жана урматтоо өз ара ишенимди чыңдоого түрткү берип, жаңжалды жөнгө салууда прогресске мындан ары жетишүүгө  кепилдик болот деп ишенет.