Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 19-январындагы билдирүүсү

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги үстүбүздөгү жылдын 19-январында Россия Федерациясынын Челябинск шаарындагы «Восточный город» базарында чыккан өрттөн жабыркагандардын арасында алдын ала маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасынын жарандары жок экенин билдирет.
Ошол эле учурда, колдо болгон маалыматтарга караганда, өрттүн кесепетинен Кыргыз Республикасынын эки жаранынын соода түйүндөрү күйүп кеткен. Тиешелүү шаардык кызматтар өрттүн себебин тактап жатышат.
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу Челябинск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы менен байланышта.