«Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмесинин уставы

Уюштуруу чогулушунун
протоколу менен бекитилген
201_-жылдын «___» _______

 


«КЫРГЫЗСТАНДЫН ДИПЛОМАТТАРЫ»

коомдук бирикмесинин

УСТАВЫ

Бишкек ш., 2012-жыл


1. Жалпы жобо

1.1. «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмеси (мындан ары- «Кыргызстандын дипломаттары» КБ) ушул Уставда каралган максаттарга жетүүдө өзүнүн мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү үчүн жалпы кызыкчылыктын негизинде бириккен дипломатиялык кызматкерлердин демилгеси боюнча уюмдашкан коомдук коммерциялык эмес уюм болуп саналат.

1.2. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, «Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, башка мыйзам актыларга жана ушул Уставга ылайык жүзөгө ашырат.

1.3. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ мамлекеттик каттоодон өткөндөн учурдан тартып ал юридикалык жак болуп саналат, анын өз алдынча мүлкү бар, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарга ээ жана жоопкерчилик тартат.

1.4. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын өз алдынча балансы, банк мекемелеринде сомдук жана валюталык эсептери, өзүнүн аталышы менен мөөрү бар.

1.5. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишмердиги ыктыярдуулук, тең укуктуулук, өз алдынча башкаруучулук жана мыйзамдуулук принциптерге негизденет. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленгендердин алкагында «Кыргызстандын дипломаттары» КБ өзүнүн ички түзүмдөрүн, ишмердик формаларын жана ыкмаларын аныктоодо эркин. 

1.6. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ өз ишмердигин Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында жүзөгө ашырат.

         1.7. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишмердиги айкын, ал эми анын уюштуруучулук жана программалык документтери жөнүндө маалыматтар жалпыга жетимдүү болуп саналат. 

1.8. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын толук аталышы «Кыргызстандын дипломаттары» коомдук бирикмеси.

         1.9. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын кыскартылган аталышы - «КД» КБ.

1.10. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын турган жери - Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Поваринская көчөсү, 30.

2. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын максаттары жана милдеттери

2.1. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ - Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү, кыргыз дипломатиялык кызматтын кесипкөй муундарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөө, Кыргыз Республикасынын тышкы саясатына жана кыргыз дипломатиялык кызматына коомдук колдоону кеңейтүү, «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыкдарын коргоо максаттарында түзүлгөн.

2.2. Уставдык максаттарга жетүү үчүн «Кыргызстандын дипломаттары» КБ колдонуудагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык төмөнкү милдеттерди чечет: 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнүн кесипкөйлүк деңгээлин жогорулатууга көмөк көрсөтүү;

         - тышкы саясат жана эл аралык мамилелер, укук, тарых жана экономика маселелери боюнча иликтөөлөрдү жана маалыматтарды таратуу жаатында «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүн колдоо жана алардын өз ара аракеттерин жана кесипкөйлүк кызматташууларын, башка өлкөлөрдүн коллегалары менен болгон байланыштарын өнүктүрүү; 

- социалдык маселелерди, материалдык камсыз кылуу маселелерин, ошондой эле дипломаттардын кесиптик ишмердигинин спецификациясынан келип чыккан башка маселелерди чечүүдө «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнө көмөк көрсөтүү; 

- эл аралык байланыштарды жүзөгө ашырууда Кыргызстандын уюмдарына жана ишканаларына  көмөк көрсөтүү; 

- дипломаттардын эмгектерин коомдук таанып билүүнү бекемдөөгө көмөк көрсөтүү; 

- жардамга муктаж дипломатиялык кызматтын кызматкерлерине, анын ичинде отставкага чыккандарга жардам көрсөтүү;

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБ уставдык иш маселелери боюнча кызыкдар ишканалар, коомдук жана илимий уюмдар, мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлик органдары, чет өлкө жана эл аралык уюмдар жана башка юридикалык жана жеке жактар менен уставдык максаттарга жетүүгө багытталган жана  Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына каршы келбеген иштердин башка түрлөрү боюнча өз ара аракеттенүү.

2.3. Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык «Кыргызстандын дипломаттары» КБ уставдык максаттарга жана милдеттерге жетүү кызыкчылыгында төмөнкүлөргө укуктуу:

         - өз ишмердиги жөнүндө маалыматтарды эркин таратууга; 

- басма ишин жүзөгө ашырууга;

         - Кыргыз Республикасынын тышкы саясат, тарых жана маданият боюнча аналитикалык маалыматтарды жарыялоого;

- чет өлкөлөрдө жаш кадрларды окутууга көмөк көрсөтүүгө;

- тышкы саясат жана тышкы экономикалык мамилелер боюнча илимий-изилдөө семинарларды, симпозиумдарды жана конференцияларды өткөрүүгө;

- кыргыз элинин тарыхы, салты жана маданияты менен таанышууда чет өлкө дипломаттарына көмөк көрсөтүүгө;

         - мыйзамда белгиленген тартипте өз, ошондой эле мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы жана коомдук бирикмелердеги башка жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыкдарын алып чыгууга жана коргоого; 

- өз мүчөлөрүнө жана алардын үй-бүлөлөрүнө медициналык, укуктук жардамдарды жана  социалдык коргоолорду көрсөтүүгө;

- мамлекеттик бийлик органдарына сунуш киргизүүгө; 

- кызыкдар жеке жана юридикалык жактардын каражаттарын ыктыярдуу башталышта ишке тартууга;

         - кайрымдуулук иштерди жүзөгө ашырууга; 

- уюштуруу тартиптерин, формаларын жана штаттык кызматкерлердин жана ишке тартылган адистердин эмгек акыларын өз алдынча аныктоого; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын уставдык максаттарына жетүү үчүн ишкерликти түзүүгө же болбосо коммерциялык жана башка уюмдардын иштерине катышууга;

         - колдонуудагы мыйзамдарда тыюу салынбаган жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын уставдык максаттарына жетүүгө багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга.

         2.4. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ төмөнкүгө милдеттүү:

         - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, анын иш чөйрөсүнө тийиштүү жалпыга таанылган принциптерди жана эл аралык укуктун нормаларын, ошондой эле анын уставында жана бирикменин башка документтеринде каралган нормаларды сактоого.

3. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

3.1. Ушул Уставды тааныган жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын иштерине катышкан Кыргыз Республикасынын аракеттенүүгө жөндөмдүү жараны «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөсү боло алат: 

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин, Кыргыз Республикасынын эл аралык (мамлекеттер аралык, өкмөттөр аралык) умдарына караштуу өкүлчүлүктөрдүн, Кыргыз Республикасынын аймагындагы  Министрликтердин өкүлчүлүктөрүнүн дипломатиялык кызматтарында жалпы стажы беш жылдан кем эмес дипломатиялык рангасы бар кызматкерлер, ошондой эле  иш кызматтан отставкага чыккан СССРдин, Кыргыз ССРинин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматтарынын ветерандары;

         - окутуучулук жана илимий иштер менен алектенген, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын ТИМ тутумунда үч жылдан кем эмес иш стажы бар Кыргыз Республикасынын ТИМ ведомствосунун алындагы уюмдардын кызматкерлери. 

3.2. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлүгүнө кабыл алуу мүчөлүккө кирүүчүнүн жеке жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүн эсеп-каттоого алуу «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин белгиленген тартибинде жүргүзүлөт. Кеңештин чечими кабыл алынган учурдан тартып мүчөлүккө кирүүчү «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөсү деген статуска ээ болот жана ага белгиленген үлгүдөгү мүчөлүк билет берилет.

         3.3. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөсү бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ. 

3.4. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөсү төмөнкүдөй укуктарга ээ:

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жетектөөчү жана контролдук-ревизиялык органдарын шайлоого жана ага шайланууга; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жетектөөчү органдарынын иштерин анын Уставына ылайык контролдоого;

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын бардык иш-чараларына катышууга; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишине байланышкан маселелер боюнча сунуш киргизүүгө; 

- өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыкдарын коргоо үчүн «Кыргызстандын дипломаттары» КБдан жардам алууга кайрылууга;

         - анын арызы каралып жаткан «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын органдарынын жыйналыштарына өзү келүүгө жана катышууга;

         - анын ишмердигине байланышкан кандай гана маселелер болбосун, ал боюнча «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жетектөөчү органдарына кайрылууга;

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрү үчүн жалпы чогулуш тарабынан аныкталган, «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын алкагында түзүлгөн ишканалардын жана уюмдардын арзандатууларын, жеңилдиктерин жана кызмат көрсөтүүлөрүн пайдаланууга;

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишмердиги, анын пландары жана программалары жөнүндө маалыматтарды алууга. 

3.5. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөсү төмөнкгүлөргө милдеттүү: 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын уставдык максаттарын жана милдеттерин аткаруу боюнча анын ишине катышууга;

         - ушул Уставдын жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жетектөөчү органдарынын чечимдеринин талаптарын аткарууга; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын, дипломатиялык кызматтын кадыр-баркын бекемдөөгө толугу менен  көмөк көрсөтүүгө;

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБ тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чараларга жетиштүү колдоо көрсөтүүгө; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБ тарабынан белгиленген тартипте мүчө акыларын өз убагында төлөп турууга; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишине, дипломатиялык кызматтын беделине оор зыян келтирүүчү ар кандай аракеттерден (аракетсиздиктерден) карманууга; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Уставын бузуучу, уставдык максаттарга каршы келүүчү аракеттерди жасабоого.

4. Мүчөлүккө кабыл алуу жана андан чыгаруу тартиби

4.1. Жаңы мүчөлөрдүн кириши үчүн «Кыргызстандын дипломаттары» КБ ачык.

4.2. Жаңы мүчөнү кабыл алуу Кеңештин төрагасынын атына берилген арыздын негизинде «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңеши тарабынан жүзөгө ашырылат, ал арыз берүүчүнү арыз берген күнүнөн кийинки жакынкы Кеңештин жыйналышына сунуш кылат.

4.3. Арыз берүүчү «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлүгүнө кабыл алуу жөнүндө Кеңеш тарабынан чечим кабыл алынган күндөн 10 жумушчу күндүн ичинде мүчөлүккө кирүүчүлүк жана ар айлык акыларды төлөөгө милдеттүү.

4.4. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын бардык категориядагы мүчөлөрү үчүн кирүүчүлүк акысы 1000 сомду, ал эми ар айлык акысы кызмат окладынын 1 %ын түзөт.

4.5. Арыз берүүчү кирүүчүлүк жана ар айлык акыларды төлөгөндөн кийин «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлүгүнө кабыл алынды деп эсептелет. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлүгүнө кабыл алынган учурдан тартып арыз берүүчүгө мүчөлүк билет берилет.

         4.6. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөсүнүн укугу үчүнчү жакка берилүүгө мүмкүн эмес.

4.7. «Кыргызстандын дипломаттары» КБдан чыгуу эркин жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешине берилген жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде жүзөгө ашырылат. Бул маселе боюнча «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин чечими бир айдын ичинде жөнөкөй көп добуш менен кабыл алынат. 

4.8. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөсүнүн статусу арыз берген учурдан тартып күчүн жоготот. 

4.9. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөсү Уставдын жоболорун сактабагандыгы, бузгандыгы үчүн же болбосо «Кыргызстандын дипломаттары» КБга зыян келтирген аракети үчүн  «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин чечими менен Кыргызстандын дипломаттары» КБдан чыгарылышы мүмкүн.

         4.10. Чыгаргандык жөнүндө чечим жогорку органга - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Конференциясына (жалпы чогулушка) даттанылышы мүмкүн, ал чечим аталган маселе боюнча акыркы болуп саналат, ошол учурдан тартып уюмдун мүчөсүнүн статусу күчүн жоготот. 

4.11. Мүчөлүккө кирүүчүлүк жана ар айлык акылар «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлүгүнөн чыккандан кийин кайтарылып берилүүгө жатпайт. 

4.12. Уюмдун мүчөлүгүнөн чыкканда же чыгарылганда мүчөлүк билет «Кыргызстандын дипломаттары» КБга катарылууга жатат.

5. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жетектөөчү жана контролдук-ревизиялык органдары

5.1. Үч жылда 1 (бир) жолу чакырылуучу Конференция «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жогорку жетектөөчү органы болуп саналат. Эгерде Конференцияга «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса, анда ал толук укуктуу. Конференцияны чакыруунун датасын, анын ишинин күн тартибин жана өткөрүү тартибин «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңеши аныктайт. Конференциянын чечими ачык добуш менен кабыл алынат. Кезексиз Конференция «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин чечими менен, же анын 1/3ден кем эмес мүчөлөрүнүн талаптары боюнча, же Ревизиялык комиссия тарабынан чакырылышы мүмкүн. Конференциянын чакырылышы жөнүндө «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнө  Конференцияны өткөрүү датасынан 15 күндөн кечиктирбестен жекече кабарландырылат. 

5.2. Конференциянын өзгөчө компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишмердигинин негизги багыттарын аныктоо;

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Уставын бекитүү, ага толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү; 

- шайлануучу жетектөөчү жана контролдук-ревизиялык органдарды - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин мүчөлөрүн, «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин төрагасын, Улуулар Кеңешинин төрагасын, Аткаруучу катчыны - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координаторун жана 3 (үч) жыл мөөнөткө Конференция тарабынан аныкталган санда жана мөөнөтүнөн мурда аларды бошотуу   менен «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Ревизиялык комиссиясын шайлоо;

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Ревизиялык комиссиясынын отчетторун угуу жана бекитүү; 

- башка юридикалык жактардын ишине катышуу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБны кайра уюштуруу жана жоюу жөнүндө чечим кабыл алуу; 

- кирүүчүлүк жана мүчөлүк акылардын өлчөмдөрүн аныктоо;

         5.2.1. Конференция «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын уставдык ишмердигине байланышкан кандай гана болбосун маселелерди кароого чечим кабыл ала алат; 

5.3. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын шайлануучу жетектөөчү жана контролдук-ревизиялык органдарынын мүчөлөрүн мөөнөтүнөн мурда бошотуу үчүн төмөнкүлөр негиз боло алат: 

- ден соолугунун абалы же узакка жок болгондугу (иш сапарда болгондугу), өлүмү боюнча ал тарабынан өз милдеттерин аткарбагандыгы; 

- жетектөөчү жана контролдук-ревизиялык органдардын курамынан же «Кыргызстандын дипломаттары» КБдан ыктыярдуу чыгуу; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Уставын бузуу;

         - өз милдеттерин аткаруудан четтөө; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБдан чыгаруу.

         КБнын шайлануучу жетектөөчү жана контролдук-ревизиялык органдарынын мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

5.4. Конференциянын өзгөчө компетенциясына кирген маселелер боюнча чечим Конференцияга катышкандрдын санынан  квалификацияланган 2/3ден ашык добушу менен кабыл алынат. Калган учурларда чечим катышкандардын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

         5.5. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын атынан юридикалык жактын укуктарын жүзөгө ашыруучу «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин Конференцияларынын ортосундагы мезгилде  туруктуу иштеп турган «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жетектөөчү коллегиялык органы болуп саналат. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңеши 9 (тогуз) адамдан турат, ага төмөнкүлөр кирет: «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин төрагасы, Улуулар Кеңешинин төрагасы, Аткаруучу катчы - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координатору, Аткаруучу катчынын орун басары - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координатору жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин мүчөлөрү. 

5.5.1. «Кыргызстандын дипломаттары» КБны  түзгөн учурда Кеңештин төрагасы, ал ошол эле учурда «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын  төрагасы болуп саналат, ошондой эле контролдук-ревизиялык орган да шайланат.

5.5.2. Юридического жак катары тиешелүү мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин Конференция чакыртылат, анда Кеңештин бардык курамын («Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин төрагасын, Улуулар Кеңешинин төрагасын, Аткаруучу катчыны - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координаторун, Аткаруучу катчынын орун басарын - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координаторун жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин 5 мүчөсүн шайлоо тууралуу) түзүү жөнүндө маселе каралат. 

5.6. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңеши: 

- Конференциянын чечимдерин аткаруу боюнча «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жалпы жетекчилигин жүзөгө ашырат; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Конференциясында аларды талкуулоо үчүн маселелерди даярдайт; 

- Конференциянын чечимдеринин аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырат; 

- Ички жана эл аралык турмуштагы бир кыйла маанилүү окуяларга байланышкан арыздарды жана кайрылууларды «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын атынан кабыл алат; 

- Кыргыз Республикасынын аймагындагы «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын түзүмдүк бөлүмдөрүн, филиалдарын жана өкүлчүлүктөрүн түзүү жөнүндө сунушту Конеренцияга киргизет, Жобону бекитет, анын негизинде түзүмдүк бөлүмдөр иш алып барат;

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын аппаратынын түзүмүн жана штаттык күн тартибин бекитет жана Кеңеш тарабынан бекитилген сумманын чегинде «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын штаттык кызматкерлеринин эмгек акы фондун белгилейт; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ички иштерин регламенттөөчү жобону жана башка ченемдик документтерди бекитет; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын чыгаша сметасын бекитет;

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүн кабыл алууну жана андан чыгарууну  жүзөгө ашырат; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Конференциясынын өзгөчө компетенцияларына кирбеген башка бардык маселелерди чечет; 

5.7. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин жыйналышы зарылдыгына жараша өткөрүлөт, бирок эки айда бир жолудан көп эмес жана Кеңештин мүчөлөрүнүн жалдпы санынан жарымынан көбү ага катышса толук укуктуу болуп эсептелет. Чечим жыйналышка катышкан Кеңештин мүчөлөрүнүн көпчүлүк добуштарынын ачык добуш берүүсү менен кабыл алынат. Кеңештин жыйналышын «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин төрагасы же Аткаруучу катчы - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координатору, ал эми алар жок болгон учурда Аткаруучу катчынын орун басары - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координатору алып барат.

5.8. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин төрагасы: 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешине жалпы жетекчиликти жүзөгө ашырат; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишин уюштуруу маселелер боюнча Аткаруучу катчыга - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координаторуна жана анын орун басарларына методикалык жардам көрсөтөт; 

- Кыргыз Республикасынын ТИМ тутуму менен байланышта болгондой эле башка кыргыз жана чет өлкө уюмдары менен бирге мамлекеттик, коомдук жана башка уюмдар менен да болгон мамилелерде ишеним катсыз «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын атынан чыгат. 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындайт жана иштен кетирет; 

- 20 миң сомдон жогорку финансылык жана банк документтерине кол коюуга укуктуу.

5.9. Аткаруучу катчы - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координатору:

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын жетекчилигинин ишин координациялоону жүзөгө ашырат, Кеңештин жыйналышын «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын күнүмдүк иш маселелери боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алат жана Конференция менен «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин чечимдерин аткарууну камсыз кылат; 

- Төрага тарабынан берилген ишеним каттын негизинде Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик, коомдук, диний жана религиялык жана башка уюмдар менен өз ара мамилелерде жана чет өлкөлөрдө, анын ичинде соттордо «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын атынан чыгат; 

- 20 миң сомго чейинки финансылык жана банк документтерине кол коюуга укуктуу.; 

- төраганын макулдугу боюнча «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын штаттык кызматкерлерин ишке алууну жана иштен кетирүүнү жүзөгө ашырат; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын штаты боюнча буйруктарды жана тескемелерди чыгарат;

         - штаттык кызматкерлерди сыйлайт, мыйзамдарда белгиленген тартипте тартипке чакыруу жаза чарасын берет;

         - өз компетенциясынын чегинде башка маселелерди чечет. 

5.10. Аткаруучу катчынын орун басары - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координатору Аткаруучу катчы - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координатору жок болгон мезгилде «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңеши тарабынан бекитилген милдеттемелердин бөлүштүрүлүшүнө ылайык иш багыттарын жетектейт, анын иш милдеттерин аткарат. Аткаруучу катчынын орун басарына - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координаторуна Аткаруучу катчынын - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координаторунун милдеттерин аткарууну ыйгаруу жөнүндө чечим «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин төрагасынын тескемеси же болбосо «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин чечими менен таризделет. 

5.11. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын күнүмдүк иштерин камсыз кылуу үчүн «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын штаттык кызматкерлеринин аппараты түзүлөт. Штаттык кызматкерлердин аппаратынын ишин Аткаруучу катчы - Координатор, ал эми ал жок болгон мезгилде анын орун басары жетектейт.

5.12. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңеши - коллегиалдуу орган, ал «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнүн ичинен «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңеши тарабынан түзүлөт жана Улуулар Кеңешинин төрагасынан, Улуулар Кеңешинин төрагасынын орун басарларынан жана Улуулар Кеңешинин мүчөлөрүнөн турат. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңешинин курамына  Кыргыз ССРинин жана  Кыргыз Республикасынын мурдагы тышкы иштер министрлери жана Кыргыз ССРинин жана  Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басарлары,  СССРдин ТИМинин, Кыргыз ССРинин  ТИМинин,  Кыргыз Республикасынын ТИМинин Коллегияларынын мурдагы мүчөлөрү, отставкадагы СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчилери киргиши мүмкүн.

         5.13. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңеши өз курамынан, «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңеши жөнүндө Жободо белгиленген тартипте, «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңешинин төрагасын жана анын орун басарларын шайлайт. 

5.14. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңеши: 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңеши жөнүндө жобонун негизинде иш алып барат; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешине методикалык жардамдарды көрсөтөт, «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишмердигинин жана толугу менен дипломатиялык кызматтын бир кыйла маанилүү маселелери боюнча «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин төрагасына,  Аткаруучу катчыга - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын координаторуна консультацияларды берет;

- КыргызРеспубликасынын тышкы саясатын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңеши менен бирдикте сунуштамаларды иштеп чыгат; 

- жаш дипломаттар жана дипломатиялык кызматтын ветерандары менен иштөөнү өркүндөтүү боюнча сунуштарды жана сунуштамаларды иштеп чыгат; 

5.15. Улуулар Кеңешинин төрагасы: 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын ишмердигин өнүктүрүүнүн концепциясын иштеп чыгууга катышат; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңешин жетектейт;

          - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешин кароого жана бекитүүгө «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Улуулар Кеңешинин курамы боюнча  аргументтелген сунуш берет. 

5.16. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Ревизиялык комиссиясы үч жыл мөөнөткө Конференция тарабынан шайланат. Ревизиялык комиссиянын сандык курамын Конференция аныктайт. Конференция контролдук-ревизиялык органды жалгыз жеке – Ревизор түрүндө шайлай алат. 

5.17. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын контролдук-ревизиялык органы Ревизиялык комиссия (Ревизор) болуп саналат жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Ревизиялык комиссиясы (Ревизору) жөнүндө Жобого ылайык иш алып барат. 

5.18. Эгерде анда Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан көбү катышса Ревизиялык комиссиянын жыйналышы толук укуктуу
Ревизи
ялык комиссиянын жыйналышы зарылдыгына жараша, бирок алты айда бир жолудан көп эмес өткөрүлөт.

         5.19. Ревизиялык комиссиянын төрагасы Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен анын жыйналышында катышуучулардын ачык добушунун жөнөкөй көпчүлүк добушу менен шайланат. Ревизиялык комиссиянын төрагасынын ыйгарым укугунун мөөнөтү аны шайлаган Ревизиялык комиссиянын ыйгарым укугунан ашпоого тийиш. 

5.20. Ревизиялык комиссиянын мүчөсү «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын башка шайлануучу органдарынын курамына кире албайт. 

5.21. Ревизиялык комиссиянын компетенциясына төмөнкүлөр кирет: 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын финансы-чарбалык жана ишкердик ишмердигин контролдоо, анын ичинде финансылык-чарбалык ишмердигине  ревизияларды жана ар жылдык текшерүүлөрдү жүргүзүү;

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын финансылык-чарбалык ишмердиги жөнүндө отчетторду даярдоо жана аны  Конференция тарабынан бекитүү үчүн берүү. 

5.22. Ревизиялык комиссиянын мүчөлөрү кеңеш берүүчү добуш менен «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Кеңешинин жыйналыштарына катыша алат.

6. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүлкү, аны түзүүнүн булактары жана  финансылык-чарбалык ишмердиги

6.1. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын уставлык ишмердигин материалдык камсыз кылуу үчүн зарыл болгон жер участокторун, имараттарды, курулуштарды, курулмаларды, турак жай фондун, транспортторду, жабдууларды,  инвентарларды, маданий-агартуучулукка жана ден соолукту чыңдоого арналган мүлктөрдү, акча каражаттарын, акцияларды, башка баалуу кагаздарды жана башка мүлктөрдү менчиктей алат. 

6.2. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын менчигинде анын уставдык максаттарына ылайык «Кыргызстандын дипломаттары» КБ тарабынан түзүлгөн жана каражаттарынын эсебинен сатылып алынган басмакана, жалпыга маалымдоо каражаттар, маданий-агартуучулук, туристик, ден соолукту чыңдоо, балдар жана спорттук мекемелер турат. 

6.3. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ өз милдеттемеси боюнча жаза-чара көрүлө турган бардык тиешелүү мүлккө жооп берет. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнүн милдеттери боюнча жооп бербегендей, «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрү да «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын милдеттери боюнча жооп бербейт.

6.4. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүлкүн түзүүнүн булактары төмөнкүлөр боло алат: 

- жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу төгүмдөрү жана курмандык чалуулары, кайрымдуулук жана спонсордук келип түшүүлөрү; 

- мүчөлүккө кирүүчүлүк жана мүчөлүк акылар; 

- «Кыргызстандын дипломаттары» КБ тарабынан уюштурулган ишкердик жана чарбалык уюмдардын чегерүүлөрү,  «Кыргызстандын дипломаттары» КБ тарабынан уюштурулган ишканалардын жана уюмдардын коммерциялык иштеринин кирешелери;

         - «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Уставына ылайык ал тарабына өткөрүлгөн лекциялык, маалыматтык, көрүчүлүк жана спорттук иш-чаралардын төгүмдөрү; 

- Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын төгүмдөрү.

6.5. «Кыргызстандын дипломаттары» КБ пайда табуу максатын көздөбөйт; «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын  ишкердик иштеринин кирешелери өзгөчө Кыргызстандын дипломаттары» КБнын  уставдык максаттарына жетүүсүнө багытталат жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын  мүчөлөрүнүн ортосунда кайра бөлүштүрүлүүгө жатпайт.

6.6. Финансылык-чарбалык иштерди жүзөгө ашыруу  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жумушка кабыл алынган  «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын  штаттык кызматкерлерине жүктөлөт. 

6.7. Юридикалык жак катары «Кыргызстандын дипломаттары» КБ менчиктик укук субъектиси болуп саналат. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын  мүчөлөрү «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын  мүлкүнө карата буюмдук же милдеттүүлүк укуктарга ээ эмес.

7. «Кыргызстандын дипломаттары» КБны кайра уюштуруу жана жоюу тартиби

7.1. «Кыргызстандын дипломаттары» КБны кайра уюштуруу (аралаштыруу, кошуу, бөлүү, бириктирүү, кайра түзүү) же аны жоюу катышкандардын квалификацияланган 2/3ден ашык добушу менен кабыл алынган Конференциянын чечими боюнча жүзөгө ашырылат. «Кыргызстандын дипломаттары» КБны жоюу соттун чечими боюнча да болушу мүмкүн.

7.2. Конференция менен «Кыргызстандын дипломаттары» КБны жоюу үчүн жоюу комиссиясы дайындалат, ал жоюу балансын түзөт. Жойгондон (конференциянын чечими боюнча) кийин калган «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүлктөрү жана каражаттары жана бюджеттин, «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын штаттагы кызматкерлеринин, банктагы жана башка кредиторлордун эсептери ушул Уставда каралган максаттарга чыгышталат, жана «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын мүчөлөрүнүн ортосунда бөлүштүрүлүүгө жатпайт. 

7.3. «Кыргызстандын дипломаттары» КБны кайра уюштурууда  бардык документтер (башкаруучулук, финансылык-чарбалык, жеке курам боюнча ж.б.) «Кыргызстандын дипломаттары» КБ тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык укук улантуучуга өткөрүлүп берилет. 

Туруктуу сакталуудан документтерди жок кылууда илимий-тарыхый мааниси барлары архивге мамлекеттик сактоого өткөрүлүп берилет; жеке курам (буйруктар, жеке көктөмдөр, өздүк эсептер ж.д.у.с.) боюнча документтер архивдик органдын талабына ылайык сактоого өткөрүлүп берилет.

7.4. «Кыргызстандын дипломаттары» КБны жоюу жөнүндө чечим юридикалык жактардын бирдиктүү мамлекеттик реестринен аны алып салуу үчүн «Кыргызстандын дипломаттары» КБны мамлекеттик каттоо жөнүндө чечимди кабыл алган органга жөнөтүлөт.

8. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын уставына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тартиптери

8.1. Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын  Конференциясынын катышкандарынын квалификацияланган 2/3ден ашык добушу менен кабыл алынган чечими боюнча киргизилет. 

8.2. «Кыргызстандын дипломаттары» КБнын Уставына өзгөртүүлөр жана толуктоолор мыйзамда белгиленген тартипте мамлекеттик катталууга жатат жана ошол катталгандан тартып юридикалык күчкө ээ болот.

Төрага                         

Кемелбаев Нурказы Кемелбаевич