Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтунун Директору доктор Абдулазиз Мохамед Аль-Хорр менен жолугушуу өткөрдү

2020-жылдын 21-октябрында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтунун Директору доктор Абдулазиз Мохамед Аль-Хорр менен жолугушуу өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы менен Катар Мамлекетинин Дипломатиялык институтунун ортосундагы өз ара кызматташуу маселелери, анын ичинде буга чейин жетишилген макулдашуулардын ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө пикир алмашуу болду.

Элчи Ч.Эшимбеков маектешине Кыргыз Республикасындагы азыркы учурдагы ички саясий кырдаал жөнүндө маалымат берди. Ал өлкөдөгү кырдаал турукташып, саясий процесстер укуктук талаада өнүгүп жаткандыгын баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK