Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинде өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Катарда жашаган мекендештердин катышуусунда салтанаттуу кече өткөрүлдү

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Элчилигинде өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата Катарда жашаган мекендештердин катышуусунда салтанаттуу кече өткөрүлдү.

Майрамдык иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чыңгыз Эшимбеков бардык катышуучуларды өлкөбүздүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракеси менен куттуктады.

Албетте, Кыргызстандын тарыхы 30 жылдык убакыт менен гана чектелбейт. “Тамырсыз дарак, тарыхсыз эл болбойт”, - деп элибиз айтып келген. Демек, биздин өлкөнүн эгемендүүлүк тарыхы - бул көптөгөн муундардын эркиндик үчүн күрөшүнүн тарыхы, ата-бабаларыбыздын рухунун жана баатырдыгынын улуулугу. Кыргызстандын көз карандысыздыгынын башкы жетишкендиги - бул эркиндик, ар бир жарандын эркиндиги жана мамлекеттин келечеги үчүн болгон жоопкерчилик. Бул билдирүү менен Катардагы кыргыздар мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана өлкөнүн өнүгүшүнө өз салымын кошууда.

Катардагы салтанаттуу иш-чаранын алкагында спорттук иш-чаралардын активдүү катышуучуларына Элчиликтин ардак грамоталары тапшырылды, ошондой эле концерт жана ар кандай оюн-зоок конкурстары өткөрүлдү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK