КР ТИМинин 2022-жылдын 15-февралындагы маалыматтык билдирүүсү

Министрликтин тапшырмасы боюнча 2022-жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Д.Дюшекеев Казакстан Республикасынын Ички иштер министринин орун басары Е.Саденов жана Казакстан Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Б.Дембаев менен жолугушту.

Жыйындын жүрүшүндө Алматы шаарындагы белгилүү январь окуясында кармалгандардын жана жабыркагандардын  арасында болгон Кыргыз Республикасынын жарандары В.Рузахуновдун жана Ч.Сыдыковдун укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле А.Мусаевдин жана Б.Базарбаевдин өлүмүнүн жагдайларын тактоого байланыштуу маселелери талкууланды.

Кыргыз тарап окуянын бардык жагдайларын тактоо менен ар бир факты боюнча кылдат жана объективдүү иликтөө жүргүзүү өтүнүчүн билдирди.

Казак тарап митингдер жана массалык баш аламандыктар учурундагы республиканын укук коргоо органдарынын аракеттери, ошондой эле өндүрүштөгү жүргүзүлүп жаткан сотко чейинки иликтөөлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ар бир факты боюнча кылмыш иши козголуп, кылдат иликтенип, тиешелүү укуктук баа берилери айтылды.

Мындан тышкары, кыргыз тарап Темиркан уулу Т., Астанков А. жана Өмүрбек уулу С. аттуу Кыргыз Республикасынын жарандарын камактан бошотууга көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.

Өмүрбек уулу С. аттуу жаранга карата алдын ала маалымат боюнча, 2022-жылдын 17-февралында Казакстан Республикасынын Райымбек райондук сотунда сот отуруму пландаштырылган.

Министрлик бул маселелерди өзгөчө көзөмөлгө алууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK