Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы Адам ресурстары боюнча бөлүмүнүн Башчысы доц. д-р Салим Атай менен жолугушту

2020-жылдын 30-декабрында Кыргыз Республикасынын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Президентинин Аппаратынын алдындагы Адам ресурстары боюнча бөлүмүнүн Башчысы доц. д-р Салим Атай менен жолугушту.

Элчи Кубанычбек Өмүралиев өлкөнүн мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгү жаатында Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан пландаштырылып жаткан реформалар жөнүндө кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде д-р. Атай президенттик башкаруу формасына өткөндөн кийин Түркияда жүргүзүлгөн реформалар жөнүндө айтып берди. Д-р. Атай мамлекеттик органдарда иштөө үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөр арасында жаш адистерди тандоо боюнча санарип система жөнүндө презентация жасады. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлерди окутуу жана квалификациясын жогорулатуу боюнча система жөнүндө кеңири маалымат берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, тараптар бул багытта, биринчи кезекте, маалымат алуу жана тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик органдардын тиешелүү түзүмдөрүнүн ортосундагы түз байланыштарды өнүктүрүүдө кызматташтыкты орнотууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK