КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Азербайжандын Кыргызстандагы Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту

2022-жылдын 27-июлунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Латиф Гандилов менен жолугушту.

Жолугушууда маектештер Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2022-жылдын 19-20-апрелинде Азербайжан Республикасына жасаган расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Бул контекстте экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиясынын 4-жыйынынын жакын арада өткөрүлүшүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Тараптар ошондой эле жогорку деңгээлдеги иш сапарларды даярдоо маселелерин, анын ичинде келишимдик-укуктук базаны бекемдөө аспектилерин карап чыгышты.

Көп тараптуу платформаларда өз ара аракеттенүүнүн оң тажрыйбасын белгилеп, маектештер бул жаатта кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Ошондой эле Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин 30 жылдыгын белгилөө боюнча биргелешкен пландар өзүнчө каралды.

Тараптар өз ара пайдалуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, эки тараптуу мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн тыгыз иштиктүү байланыштарды улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK