2021-жылдын 24-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат жана Кеңешчи - консул Э.Насиров турмуштук оор кырдаалга туш болгон, ошондой эле токтоосуз юридикалык жана консулдук жардамга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын кабыл алышты.

Бул Кыргыз Республикасынын жарандары атайын түзүлгөн түз байланыш телефонуна кайрылышкан. Бүгүнкү күндө Элчиликтин кызматкерлери жарандардын ар бир кайрылуусу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.Жарандардын кайрылуулары Элчинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Анын ичинде, эмгек акысын алалбай жаткандар жана Россиянын жазык - түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан КР жарандарынын укуктарын коргоо маселеси боюнча кайрылуулар каралды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK