2021-жылдын 15-26-мартында Нью-Йорк шаарында Аялдардын орду боюнча Комиссиянын 65-сессиясы виртуалдык режимде болуп жатат. Кыргызстандын делегациясы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекованын деңгээлинде катышты

2021-жылдын 15-26-мартында Нью-Йорк шаарында Аялдардын орду боюнча Комиссиянын 65-сессиясы виртуалдык режимде болуп жатат. Кыргызстандын делегациясы Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин биринчи орун басары Ализа Солтонбекованын деңгээлинде катышты.

Сессиясынын жалпы дебатында сүйлөп жатып, Ализа Солтонбекова Кыргыз Республикасы гендердик теңчиликке жетишүү боюнча бир катар милдеттенмелерди кабыл алып, аялдардын укуктары боюнча негизги эл аралык конвенцияларды жана саясий документтерди, анын ичинде Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча Конвенцияны, Пекин өнүгүү платформасын жана иш-аракеттердин Туруктуу өнүгүү максаттарын ратификациялаганын белгиледи.

Мындан тышкары, Ализа Солтонбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Аялдар жана гендердик өнүгүү боюнча улуттук кеңеш 2012-жылдан бери иштеп келе жаткандыгын жана 2015-жылы өлкө БУУнун Аялдарга карата басмырлоону жоюу комитетине аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу боюнча конвенцияны ишке ашыруу боюнча төртүнчү мезгилдүү отчетун бергендигин маалымдады.

Иш-чарага БУУга 160 мүчө-мамлекеттеринин өкүлдөрү, эл аралык уюмдар жана жарандык коомдор катышууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK