Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбековдун «Qatar Airways» авиакомпаниясынын Башчысы Акбар Аль-Бакер мырза менен жолугушуусу болуп өттү
2019-жылдын 27-ноябрында Доха шаарында, кыргыз тарабынын демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Чынгыз Эшимбеков «Qatar Airways» авиакомпаниясынын Башчысы Акбар Аль-Бакер мырза менен жолугушуу ѳткѳрдү.
Аталган жолугушууда, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде аба транспорту тармагындагы маселелер талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында кыргыз-катар мамилелерин өнүктүрүү боюнча өз ара кызматташтыкты жандандыруу жана ар түрдүү иш-чараларды биргеликте өткөрүү жөнүндөгү макулдашуулар жетишилди.