Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Индиянын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маниш Прабхат менен жолугушуусу болуп өттү

2021-жылдын 11-январында индиялык тараптын демилгеcи боюнча Элчиликте Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусовдун Индиянын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Маниш Прабхат менен жолугушуусу болуп өттү.

И.Жунусов М.Прабхатты жаңыдан дайындалышы менен куттуктап, Өзбекстандагы мындан аркы ишинде ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Индиянын элчиси кезексиз президенттик шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү жана Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-индия кызматташтыгынын абалы жана перспективалары тууралуу пикир алмашып,

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода-экономикалык чөйрөдө жана эл аралык уюмдардын алкагында учурдагы кызматташуу маселелерине токтолушту.

Жолугушуунун соңунда тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы өз ара кызыкчылык жараткан бардык тармактарда тыгыз кызматташтыктын улантыларына ишеним билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK