Кыргыз Республикасынын Берлин шаарындагы Элчилигинин көмөктөшүүсү менен КР Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Г.Абдралиева менен «Lufthansa Consulting» компаниясынын департаментинин директору Р.Шульцтун жолугушуусу болду

2021-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Берлин шаарындагы Элчилигинин көмөктөшүүсү менен КР Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Г.Абдралиева менен «Lufthansa Consulting» компаниясынын департаментинин директору Р.Шульцтун жолугушуусу болду. Жолугушуу Кыргызстандын Германиядагы Элчиси Э.Абдылдаев, Жарандык авиациа агенттигинин, ААК “Манас” жана “Эйр Манас” авиакомпаниясынын жетекчилиги катышты.

Жолугушуунун катышуучулары көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча маселелерди талкуулап, келечекте жолугушууларды  өз ара кызыкчылыкка ээ багыттарда улантуу боюнча макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK