Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтунун Директору доктор Абдулазиз Мохамед Аль-Хорр менен жолугушуу өткөрдү

Үстүбүздөгү жылдын 27-майында Доха шаарында Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Убактылуу ишенимдүү өкүлү Авазбек Атаханов Катар Мамлекетинин Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык институтунун Директору доктор Абдулазиз Мохамед Аль-Хорр менен жолугушуу өткөрдү. Тараптар КР ТИМнин Дипломатиялык академиясы менен катардын дипломатиялык институтунун ортосундагы өз кызматташтыктын маселелерин талкуулашты, ошондой эле 2018-жылдын 28-февралында кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндөгү Меморандумду практикалык ишке ашыруунун жүрүшү боюнча пикир алмашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK